www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Мурунку президент “Соке досуна” таарынычын айттыбы же өзүнүн айтпай жүргөн кеңешин коомчулуктун алдында айткысы келдиби?
— Жеке эле мен эмес, жалпы коомчулук абдан таң калуу менен кабыл алды. Атамбаев: “Мен досума сын-пикир ачык айтпасам ким айтат?” деп айтып жатпайбы. Жок, бул сын-пикир эмес. Ал кеңеш дагы эмес. Ал ичиндеги болгон ич күптүүсүн ачыкка чыгарды. Көрсө, эл тарабынан шайланып келген Сооронбай Жээнбековдун бийлигин элдин баары тааныптыр дагы, бир гана Атамбаев ичи ачышып тааныбай турган экен да, бийлигин бергиси келбей. “Аттан түшсөм дагы үзөңгүдөн бутумду чыгарбайм” деген кыргызда сөз бар го. Анын сыңары ал: “Мен дагы эле көмүскөдө отуруп алып бийлигимди жүргүзө берем” дегендей түр көрсөтүп жатат.
Андай болбойт да. Жээнбеков эл тарабынан шайланып келгендиктен анын бийлиги бар. Атамбаев өзүнүн айткан сөздөрү менен бир эле ачыктан ачык тирешүүгө өтпөстөн, элге өзүнүн белгисиз жактарын да көрсөтүп койду. Биз буга чейин “Атамбаев бийликти мыйзамдуу өткөрүп берип кетти” деп айтып жатпадык беле. Көрсө, шайлоодо Жээнбеков президент болуп шайланып келсе да, Атамбаев бийлигин бергиси келбей ич күптүсү менен отурган экен. Анын айткан сөздөрү азыр коомчулукта кызуу талкууга алынып жатат. Ал жалган нерселерди көп айтып койду. Ошол эле учурда ЖЭБге байланыштуу иштерди Жээнбековдун моюнуна илип жатат. Бул дагы туура эмес. ЖЭБдеги иштерге кимдер күнөөлүү экендигин мезгил көрсөтүп жатат. Кыргызстанды алты жыл башкарган экс-президенттин имиджи мындай болбошу керек эле.
Булак: “Жаңы Ордо”