www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бөдөш Аманбаевна, дегеле коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан Раим Матраимов тууралуу соттун чечими туурабы, саясатта жүргөн адам катары айтып койсоңуз?
--Раим Матраимовго карата соттун чечими боюнча түрдүү пикирлер талаш-тартыш өтө каттуу жүрүп жатат. Эми соттун чечими туура эмес иштен алды деп даттанууга ар бир жарандын укугу бар. Ал боюнча мыйзамда каралган эмгек кодексинде так жазылган. Ал эми соттун чечими дароо күчүнө киреби же инстанциялардан каралабы ал аппелияциялык арызга жараша болот. Раим Матраимов, шашылыш кызматтан алынса дагы "өзүнүн милдетин мыйзам чегинде аткара алган жок", деген "формулировка" менен бирок кандай негизде аткара албай калганы далилденип айтылган эмес. Жөн гана "шайлоо бүттү мындан ары сенин керегиң жок" деген мааниде эшикке чыгарып койгондой болгон. Эгерде сот ошол өз милдетин аткара албай калган дегенди изилдеп негиз таба албаган болсо анда жөн гана ордуна барсын эмес, негизсиз кызматтан алынгандыгы тууралуу Сапар Исаковго күнөө коюлуп дагы калышы мүмкүн. Жалгыз эле кызмат орду үчүн эмес, бул жерде кызматтан алынуунун мыйзамдуулугун тереңирээк кароо керек. Ошол жааттан алып караганда Раим Матраимов ордуна олтура калууга шашылбаш керек же болбосо чуулгандуу элдин көңүлүн буруп турган бул кызмат ордуна барбай койгону эле жакшы. Анткени соттон утуп алуу эле ал үчүн натыйжа. Мамлекеттик башка кызматта деле өз дараметин көрсөтсө жакшы болмок. Элге кызмат кылууда маданияттуулукту жогору коюуу керек. Кыргыздын мааниси терең накыл кептери бар «бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат» - деген. Элдин назары коомчулуктун пикирин эске албай бийликти дагы жеке өзүн дагы ыңгайсыз абалга калтырбоо керек. Дараметтүү инсанга албетте кызмат табылат.
--Алмазбек Атамбаев соттун чечимине нааразы болгондой болду?
--Алмазбек Атамбаевди бүгүн көргөн жоксуңарда. Аркы-теркини сүйлөп ашмалтайын чыгарып эле жүргөн инсанда. Раим Матраимовду Алмаз Атамбаев эбак каматмак, эгерде бир чырлуу кадамы болсо. Экөөнүн ички алакасы кете баштаганда, Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Раим Матраимовдун кылган иштерин "чукуп", беш ай прокуратурага каздырган экен. Ошондо Матраимовдон бир кылтак тапса, Атамбаев эч кимден сурабай эле каматып салмак. Ансыз деле канчалаган кыргыздын чыгаан уулдарын камап эле салбады же унутуп койдуңарбы? Азыр, "алло" деп чыгып, Атамбаевдин чындык издегени уят эле, артын бир кайрылып карап койсо болмок.
--Рахмат
Булак: NazarNews.kg