www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бөкөнбай Казаков башкы прокурордун биринчи орун басарынын кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койду. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.
Жарлыкта Казаков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы айтылат.
46 жаштагы Казаков 2014-2016-жылдары УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматын жетектеген. Ал жерден Медакадемиянын аппарат башчысынын өлүмүнө байланыштуу окуядан кийин өз ыктыяры менен кеткени кабарланган.
Башкы прокуратурадагы кызматка 2017-жылы март айында дайындалган.
Булак: NazarNews.kg