www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы Болат Назарбаев негиздеген "Саликалы Урпак" фонду өзүнүн негиздөөчүсүнүн өлүмү боюнча социалдык тармактарда пайда болгон имиштерге комментарий берди.

«Б.Назарбаевдин өлүмү тууралуу анонимдүү телеграм-каналдарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдиребиз. Б.Назарбаев керектүү дарыланууда жана белгиленген медициналык процедуралардан өтүүдө. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда», — деп айтылат фонддун сайтында.

Белгилүү болгондой, Болат Назарбаев 2015-жылдан бери рак оорусунан дарыланып келген. Июль айынын аягында фонд анын абалы туруктуу жана оор экенин билдирген.

Буга чейин маалымат каражаттарында Болат Назарбаевдин ооруканада жаткан сүрөттөрү пайда болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости