www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Утулуп жатып утуп чыккандайбыз, чыгаша болбосо, киреше болмок эмес", - деди бүгүн, 3-августта, NazarNews маалымат агенттигине журналист Калдарбек Койлубайтегин.

- Калдарбек ага, Кумтөрдү мамлекетке алып, Кыргызстан уттубу же утулдубу?

- Ооба, Кумтөр эпопеясы соңуна чыкты, тагыраагы, премьер-министрди курмандыкка чалышып, көр дүнүйөдөн бакытын табышып, айла-амал менен жөөттөштүрүлгөн бир улуттун алтын кенинин тагдыры чечилди. Эгерде 1994-жылы Акаевдин мээси жайында турганда, шайтанга азгырылбаганда баары теңирден тескери болуп, бүгүн кырдаал алда канча жакшыраак абалда болмок.

Тилекке каршы, болоору болуп, бойоосу канды. 26 жылдан бери Акаев жана анын куйруктары элди көз көрүнө алдап, элдин байлыгын жөттөргө талатып, ыргытылган сөөктөн ыраазы болгуча татып Кумтөр деген сөзгө “табу” коюшкандыгы жашыруун эмес.

"Канадалыктардан кенди кайтаруу мүмкүн эмес, эл аралык сот дегени кыргыздын соту эмес, бир кой жетелеп барып маселени чече албайсың" деп Мадумаровдун өзү канча какшаган. Бакиев, Атамбаев жана башка “крокодилдер” майлуу токочтон кур калышпай, мүмкүн болушунча чыккынчыларга шарт түзүшүп, кыргыз элин жарга такап, далысына бычак сайгандыгы өкүнүчтүү.

Кандайынан алба, элдин байлыгы элдин колуна кайтарылды. Албетте, ушунча жылдан бери канчалаган алтын чыгарылып, байлыгык суудай агып кетти. Өкүнүчтүүсү, экологиялык чыгымдар эсептелип, ар кандай жрима караажаттар чектелип, соттордун чечими чыккандан кийин, эл мына ушул байлыктын кайтаралышын күтүп жүргөн.

Бирок ой жеткен жерге кол жетпейт турат. Чыккынчылар эл аралык соттор аркылуу, колундагы күбө наамалары аркылуу кыргыз бийлигин бурчка такап туруп албадыбы. Мындай иште тажрыйбасы жок болгондуктан, бир кыйлага деми сууй түшкөнү менен ыгын таап, шымаланып алышып ошол кенди чыккынчылардын колуна карматкан Акаевдин өзү аркылуу тумшукка согуп киришти.

Албетте, бул жерде Акаев бардык күнөөнү мойнуна алып, коррупциялык иштерди бетине коймок жана ошондой көрсөтмөлөрдү берген. Ал эми Канадада “коррупция” деген сөздүн өзү өлүмгө тете иш. Мүмкүн мына ушул аракет жемишин бергендир, балким дагы башка жагдайлар түрткү болгондур, акыры алар, өздөрүнүн талабын койушуп, “фифти-фифти” дешип, бир катар жарималардын жойулушуна макулдук болсо, колубузду көтөрүп беребиз дегениен улам, кыргыз бийлиги “эртеңки куйруктан, бүгүнкү өпкө” дегенди эске алып, чыбыкка чыбык ургандай. Али кенде алтындын зор запасы бар, алтын бул байлык, негизи ири кен компаниясы колго өтүп жатса, чыгаша болбой, киреше кирбейт дегенди да эске алышты сыягы. Неси болсо да, кабагын бүркөп турса да, бул утук болду.

Ал эми бийликке каршыларга табылбай эле калды. Мурда оозун ачканга жарабагандар “1001 түн” жомогун саймедирешип, котур таштарын зерикпей ыргытып жатышат, утулдук эле утулдук деп жер тепкилешип, алардын ою боюнча кенди кайра коррупционерлерге кайтаруу керек окшойт. Колуңардан келбегенден кийин, түштөн кийин баатыр болбогулачы деген жан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости