www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Кадамжай районунда үлпөт тойдон кийин тамак-ашка уулангандардын саны дагы өстү. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынан кабарлашкандай, ооруканага кайрылгандардын саны бүгүн, 3-августка карата 122 болду.

Бейтаптардын ичинен 43ү Кадамжай жалпы дарыгердик борборунда, 2 бейтап Айдаркендеги ооруканада дарыланууда. Калган 77 адам амбулатордук дарыланууда.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча кайнатылган эт, тоок этинен Proteus vulgaris табылган. Ошондой эле аталган бактерия 5 бейтаптын анализинен да чыккан.

Белгилей кетсек, 30-июлда тойканада 250 адам катышкан үй-бүлөлүк иш-чара өткөн. Тойго баргандар эртеси дене табы көтөрүлүп, кусуу жана диарея (ичи өтүү) белгилери менен ооруканага кайрылган. Жабырлануучулар сурамжылоо учурунда этте жана салаттарда жыт болгонун белгилешкен.

Ал эми үлпөт той орун алган "Алмаз" тойканасынын жетекчисине карата протокол түзүлүп, тойкана убактылуу жабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости