www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажрафтын өлкөгө биринчи сапары Кыргызстан менен Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин ортосундагы кызматташууга жакшы негиз түзөрүнө чоң түрткү болоруна ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Араб Булуңундагы араб өлкөлөрүнүн элдерин тарыхый жана руханий достук байланыштары байланыштырып турганын, ошондуктан Араб Булуңундагы араб өлкөлөрү менен кызматташууну бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Ал Кыргызстандын араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши менен кызматташуусун мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлушу менен куттуктап, бул келишим Кыргыз Республикасы менен Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин ортосундагы эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий маселелер боюнча кызматташууну жемиштүү талкуулоого бекем негиз болуп, тыгыз алакаларды камсыз кылат деген ишенимин билдирди.

Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Наиф Фалах Мубарак аль-Хажраф өз кезегинде жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Араб Булуңундагы араб өлкө жетекчилеринин саламын жеткирди.

Бул иш сапарынын максаты — Борбор Азия өлкөлөрү менен Араб Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин ортосундагы кызматташууну тереңдетүү экенине токтолду.

Наиф Фалах Мубарак аль-Хажраф кол коюлган Өз ара түшүнүшүү меморандуму тууралуу бул документ Кыргызстан менен кызматташтык кеңешинин күн тартибинде турган маселелер боюнча бардык тармактарда өз ара байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө түрткү болорун баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости