www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгария Республикасынын президенти Румен Радев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду Болгария жана Кыргызстан ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады.

«Ушул салтанаттуу күнү мен кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү жана элдерибиздин, мамлекеттерибиздин ортосундагы байланыштардын өз ара пайдалуу өнүгүшүн кааларымды билдирүүгө кубанычтамын.

Сизге чың ден соолук жана жогорку жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалап, менин эң жогорку урмат-сыйымды кабыл алыңыз”, - деп айтылат Румен Радевдун куттуктоосунда.

 Булак: NazarNews.kg  

Последние новости