www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 24-февралынан кийин да Орусия Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк линиясы боюнча муктаж өлкөөлргө 6 миң тоннадан ашык керектүү азыктарды жөнөттү. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Орусия ал тургай азыркы кыйын кырдаалда да алдын ала түзүлгөн келишим боюнча өз милдеттерин аткарып, өнүгүп келаткан өлкөлөргө азык-түлүк жардамын улантып келүүдө.

Мындай маалымат 20-майда РФнын ТИМ тарабынан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ачарчылык коркунучу жана куралдуу кагылышууга арналган жыйынында таратылган маалыматта айтылды.

"Өз тарабынан Орусия азыркы кыйын кырдаалда да коммерциялык келишимдерде түзүлгөн өз милдеттерин аткарууда жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн жардамга муктаж калкына азык-түлүк боюнча жардамын улантып келүүдө.

Быйылкы жылдын 24-февралынан тартып Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын линиясы боюнча Ливан, Тажикстан, Кыргызстан, Йемен, Судан жана Кубага (20 миң тоннадан буудай) 6 миң тоннадан ашык россиялык азыктар жөнөтүлдү – деп айтылат РФнын ТИМинин маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости