www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Соттор кеңеши Жумгал райондук сотунун судьясы пара менен кармалды деген маалыматты четке кагып, билдирүү таратты.
"Судьянын кармалышы боюнча Башкы прокуратура тараткан маалымат чындыкка дал келбейт. Эч кандай кармоо болгон эмес. Аны менен катар Соттор кеңеши көзөмөл органын такталбаган жана жалган маалыматтарды чыгаруудан этият болууга чакырат", — деп жазылган расмий билдирүүдө.
Мыйзам боюнча судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Соттор кеңеши макулдук бериши шарт.
Эске салсак, кечээ Башкы прокуратура судья А.А. менен райондук прокурордун орун басары О.Ж. кылмыш ишин токтотуу үчүн 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg