www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ:

Мен жумушумдан кеч чыгам, мен чыккан маалда элдин бардыгы тынчып, алды жатууга кам көрүп калышат. Калаа ичиндеги эң акыркылардан болуп ушул маршрут жүрөт да калган-каткандардын бардыгын салып кетет. Кээде ичинде бир топ адам отурса, кээде таптакыр эле аз болуп бир-экөөбүз эле отуруп калабыз.

Мен сыяктуу жумуштан кеч чыккандар бар, биз бири-бирибиздин жөн-жайыбызды билбесек да сыртыбыздан жакшы тааныйбыз. Көргөндө болгону баш ийкешип учурашып калабыз. Өзгөчө мени айдоочу жакшы таанып калган, аялдамада турганымды алыстан эле көрүп, сөзсүз токтоп алып кетет. Мурун жөн гана отуруп кетчү элем, бара-бара кол алышып учурашып, сүйлөшүп калдык. Атүгүл ал-жайыбызды сурашып, каякта жашаарыбызды, каяктан келгенибизди, үй-бүлө, бала-бакырабыздан бери билип алганбыз. Акырындап аны өзүмдүн менчик унаамдай эле көрүп калгам.

"Эмне себептен аябай кеч, ушул убакытка чейин иштейсиң?" десем, "Көнүп калгам, үйдө бош отуруп убактымды өткөргүм келбейт, кредитим да бар, ошону төлөш керек. Анын үстүнө эки балам бар, экөе тең жаш, садикте, аялым болсо иштебейт. Калаа четинде үй салып жатабыз, баары бир акча табыш керек" деп, ал чарчаганын билгизбей жылмайып жооп берип коёт, "Арийне, экөөбүз бирдей экенбиз" деп ичимден ойлоп коём, мен дагы көбүрөөк акча табыш үчүн түнкү саат бирлерге чейин калып иштейм. Ошого жараша, иштегениме жараша эле табам акчаны Кудайга шүгүр.

Мен бир табышмактуу кыз тууралуу баяндагым келет. Ооба, ал кызга мурун анча деле маани берчү эмесмин, бара-бара көңүлүм бурула баштады. Анткени дайыма эң арткы бир отургучка отурат, айнек терезеден сыртты карап кете берет. Биздин кыймыл-аракетибизге эч көңүл да бурбайт, эч ким менен сүйлөшпөйт, дайыма өзү менен өзү болуп отуруп кете берет. Мен жолдон түшүп калгандыктан анын каякка чейин барарын да билбейм. Эч ким менен сүйлөшпөгөндөн кийин "сүйбөгөнгө сүйкөнбө" деген кеп бар го, ага жакындагым да, тийишким да келчү эмес.

Мени таң калтырганы, дайыма бир эле кийим менен жүрөт, таптаза эч оймо-чийме, гүл-пүлү жок кызгылтым көйнөк, узун кара чачын болсо жайып салган. Өзү болсо сулуучумак, кырдач мурун, мойну да узун ак куунун мойнундай болуп. Бир жолу атайылап эле ага кунт коюп, көңүл буруп карап бардым. Ал эстеликтей каткан боюнча сыртты тиктеп кете берди. Кан-сөлү жоктой өңү купкуу, упа менен аябай шыбап алгансып. Бир жолу анын жанында бир топ кызуу жигиттер отуруп кетип баратышты. Кыз болсо аларга көңүл да бөлгөн жок, ал эми кызуу жигиттер да ага көңүл бөлүшпөдү. Бир кезде карасам, ал таптакыр мага жакын келип, кыз алдыңкы орунда отуруп калыптыр. Кандайча бул жакка жылып келип отуруп калганын байкабай калдым. Адетте мас жигиттер бурчта жалгыз отурган сулуу кызга тийишип, айласын кетиришчү эле го. Алар бака-шака, аны карап да коюшпай өздөрүнчө сүйлөшө түшүп кетишти. Бир кезде карасам кыз мурунку ордуна кайра барып отуруп калыптыр. Кандайча кайра артка жылып кеткенин билбейм. Ошондо бул көрүнүш мага кандайдыр бир табышмактуу үнкү автобуста боло түштү. Эмнегедир ага болгон кызыгуум күч ала түштү. Кийинки жолу эгер чогуу түшүп калсак, ага жакындап таанышкым келди.

Улуту кайсыл экени да белгисиз, кыргыздарга окшобойт. Европа улутуна да окшошпойт. Кайсыл тилде сүйлөөрү дагы белгисиз. Ошондон кийин бир топко көрүнбөй калды. "Ага эмне болду?" деп ойлоно баштаганча эле кайрадан өзү пайда болду. Бул жолкуда салондо бир эле киши кетип бараткан, анан эски ордунда алиги кыз отурат.

Мени дагы бир жолу таң калтырганы, жайында кийип жүргөн кызгылтым көйнөгүн азыр деле кийип жүрөт. Азыр болсо кеч күз, сырт аябай эле салкындап кеткен. Ал эми түнкү саат он эки жарым-бирлерде күн аябай эле суук.

"Эмне бул үшүбөйбү?" деп ичимден ойлоп коем. Мен болсо ошондо адетимче алды жакта отуруп алып айдоочу менен сүйлөшүп кетип бараткам. Ал кызга кайрылып туруп "Чоң кыз, каякка чейин барасыз?" деп сурап калдым, андан жооп болбогон соң, "Девушка, куда едете?" деп орусча сурадым. Ага да жооп болгон жок. Ал бир кальшта эле терезени караган боюнча кетип баратты.

Кайрадан кыргызчалап сөзүмдү уладым "Чоң кыз, таанышып албайлыбы?". Арт жакта отурган киши мени бир карап, жан жагын бир карап таң калып калды. Аңгыча айдоочу да мен жакка башын буруп "Сен ким менен сүйлөшүп жатасың?" деп мен карап турган жакка бир карап койду. Тээтигил бурчта отурган сулуу кызды көрдүңбү?" дедим. "Жок, арт жакта бир эле эркек отуруп келатат го, сен каяктагы кызды айтып жатасың?" деп таң кала мага суроолуу карады. Мен айдоочуну бир карап алып, тиги кызды кайра карасам, тобо, ал жок болуп, көздөн кайым оолуп кетиптир. Кызыктыдай боло түштүм, ал жөн кыз эмес экенин билдим. Анан дагы таң калычтуу нерсе, ал мага гана көрүнөт экен, башка эч кимге көрүнбөйт. Ошондон кийин бир топ убакытка чейин көрүнбөй жүрдү да кайрадан пайда болду. Адетинче эле баягы көйнөгү менен сырт жакты карап отуруп келатат. Ал эч кимге көңүл бурбайт дагы, анын жанында отургандар ага көңүл бурушпайт.

Бир жолу айдоочудан кызгылтым көйнөкчөн кыз тууралуу сурасам, тобо, ал жөнүнде эч нерсе билбейт экен. Ал жападан-жалгыз мага гана көрүнөөрүнө таң калдым. Балким, ишенбессиңер, силерге калп, мага чын, аны ошол маршруткадан азыр дагы көрүп калам, бирок жанына жакындап барып чочуткум келбейт. Эгер жакындасам жок болуп кетет, анан көпкө көрүнбөй коет, ошо себептен жайына коём. Анын арткы отургучта отурганы мага жагымдуу көрүнүш болуп турат. Сулуулугуна суктана карап коём. "Мейли жүрө берсин" деп эч кимге айтпайм. Көрүнбөй кетсе аны көргүм келип санааркай берем, көргөндө жеңилдеп жыргай түшөм. Кээде оюма ушул жаман ой келе калат "ушундай аялым болсочу" деп, бирок Кудайыма тобо, аябай сулуу болбосо да аялым, бала-бакырам бар. Белгилүү бир себептер менен окурмандарды чочутуп албайын деп автобустун номурун, маршрутун дагы айткым келген жок, ким билет. Ал балким, башкаларга да көрүнөт чыгар деп ичимден ойлоп коём. 

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

Последние новости