www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен үйлөнгөндө айылдын баары уу-дуу болуп, аялымдын сулуу экенин аңыз кылып айтып бүтпөй калышкан. Бул мен үчүн абдан чоң кубаныч эле. Кездешкен байкелердин баары эле "келин бала абдан сулуу экен. Издеп жүрүп тапкансың го, далай кыз сыныңан өткөн окшойт ээ" деп калышчу. Инилер болсо "Жеңени карап алып эле келечектеги аялыбызды элестетип калдык" деп тамашалап отурушчу.
Келинчегимдин бою меникинен кичине узунураак болчу. Анын үстүнө Кудай мага өн-түстү да жакшылап бербептир. Аялым мага абдан жагып калгандыктан жеринин алыстыгына карабай унаага салып, төө басты кылып ала качып келе бергем. Таш түшкөн жеринде оор дегендей отуруп калды, кайда бармак эле.
Экөөбүздүн жашообуз жаман болгон жок, келинчегимдин кылган-эткени тың, мага жасаган мамилеси жакшы. Бирок жубайым эмнегедир апама жакпай койду. Отурган жерден апам бир нерсени баштайт, мен күчүмдү аялымдан чыгарып, тарс-турс боло кетем. Ал узун кирпиктерин суулап алып сыртка чыгып кеткенде ичим туз куйгандай ачышып, апамдын тилинен коркуп унчуга албай отуруп калчумун.
Бара-бара апамдын тилине кирип, болбосо апамдыкы туура эместигин билсем да аялыман күчүмдү чыгарып, ага кол көтөрө баштадым. Жакшынакай келинчегим чөгүп, аны сыртынан эч кимге сыр билгизбей жадыраганы менен, мага мурункудай болбой муздай баштаганын сезип жүрдүм. Мас болгонумда ансайын күчөп, “эмнеге мага эркелебейсиң», “эмнеге мени кучактап өппөйсүң” деп сабап салам. Бул жасаган иштеримди эркекке таандык, эркекчилик деп ойлочумун. Апама ал кылганым абдан жагып, аялымды катуу кармаганыма кубанып калчу. Карындаштарым, инилерим жеңесине боору ооруп турса да апам экөөбүздөн коркконунан айта алышчу эмес.
Кээде мен ичип келгенде аялым үйдөн качып кетет, утурумдук таяк жебегени менен андан кийин мээсине чай кайнайт. Апам: "Аялың түн ичинде качып кайда барат, таң аткыча сарайда жашынып жатат дейсиңби? Бирөө-жарымды таап алып, анысы менен жыргап жүргөндүр, аны кайдан билесиң?" дегенде ичиме туз куйгандай боло түшөт да, тегеректеги эркек аттуунун баарын көз алдымдан өткөрөм. Кимдир-бирөө келинчегимди караган эле болсо, ал үчүн аялымдын көзү көгөрөт.
Азыр ойлосом, ал байкушка жакшы эле кордук көрсөтүптүрмүн. Көпкө чыдады, балканактай уулдуу болдук. Уулума бир жаш болгондо аялымды айылдагы ак көз, кара көздөрдөн кызганып, малдуу бирөөнүн коюн багып талаага чыгып кеттим. Бала менен кыйналасыңар деп уулубузду апам алып калды. Баланы көргөнү барып калсак, аны бизден кызганып жаныбызга жакын жуутпай урушат. Тоого барып, кашарда турабыз.
Биз малын баккан фермер жигит менден кичүү, аялы менен ажырашып кеткен неме болчу. Кашарда көп деле болбойт, башка малдарын караганы кетет. Өзү апасы менен айылда жашайт, кээде келип-кетип турат. Аялым экөөбүз аякта деле көнүп калгандай уруш-талашы жок жашай албай калдык. Мен күндүз кой жайып кетем да, кечинде келип “кайсы кошуна чабан менен көңүл ачтың?” деп аялымдын башын оорутам. Кызганыч мага көнүмүш адат болуп калган окшойт, таптакыр арыла албай койдум. Койлордун тууту башталган мезгилде кожоюнубуз сарайга такай келип, кээде кеч болуп кетсе жатып калып жүрдү. Аялымды канча адамдан кызгандым, бирок кожоюнумдан өмүрү кызганган эмесмин. Иш берип, акча төлөп жаткан адам көзүмө сүйкүмдүү көрүнгөн окшойт да.
Бир күнү баласына тамак жасап бергени апасы да барды. Аялым ага жардам берет, кой төлдөтүүгө да чыгат, айтоор жаны тынбайт. Тиги кемпир келинчегимди мактап, жасаган тамагын айтып бүтпөйт. Тоодо жашаса да келинчегимдин аппак жүзү карарбай, бирди төрөгөнү менен жаш кыздай сынынан кеткен жок. Кыймылы да чапчаң болчу. Адам менен бат тил табышып, ар бир адамды түшүнүүгө аракет жасаган сапаты бар эле. Ошондуктан мага чыдап жашап жүрсө керек да. Айылга түшүп кетсем, келбей эки-үч күн арак ичип жүрүп алам. Андайда менин жоктугумду билдирбей тоого кой жайып, кечинде айдап келип, түнү менен туутту карап чыгат. Көрсө ошол учурда ал менден тажап, көңүлү башка адамга түшүп калган экен. Аны далайга чейин билген да, сезген да жокмун.
Түнкүсүн төшөктө эркектик милдетимди аткарганымда ал төбөнү тиктеп эле жатып бергенине көнүп деле калгам. Акыркы кездерде ар шылтоону таап, жаныма жолобой да калды. Чарчап жүргөн жаным ага деле көңүл бурган эмесмин. Кожоюнум болсо кетпей сарайда жашап жүрдү, андан тартынып мен дагы аялыма мурдагыдай кол көтөрбөй калгам. Акыркы кездерде кирпиги салаңдап, жашы мончоктой аккан келинчегим ыйлабай да калды.
Бир күнү айылга түшсөм апам айтып калды: «Эркек сыягың барбы сенин, койнуңдагы катыныңдын эки эр менен жашап жүргөнүн билип жатасынбы? Элдин сөзүнөн уялып сыртка чыга албай калдым”, -деди. “Эмне болду?” «Аялың Кемел менен көңүдөш болуп алыптыр го? Эл айтып жатат”. “Эл айта бербейби, Кемел күйөөсү бар аялды эмне кылмак эле? Аялым өзүмдүн эле койнумда жатат”. “Түнкүсүн сенин койнуңда болсо күндүзү Кемелдин койнундадыр. Көзү ойноктоп турбайбы, ал шуркуяң кылат ошону”,-деди.
Баарын баштан ойлоп көрдүм. Эл айттыбы же апам болжолдоп туруп "уруп" койдубу, деги илинчек таба албай койдум. Баргандан кийин алардын мамилесин аңдып да көрдүм, мамилеси жок сыяктуу. “Эл ушинтип айтып жатыптыр” деп аялымдын көзүн бир көгөрттүм. “Эл айтты деп эмнеге мени урасың, эл келип бизди көрүп жатыптырбы, же шам кармап берген бир адам бар бекен? Мен ким, Кемел ким? Ал мени карамак беле, мындай байлыгы менен он бештеги кызды албайбы. Сенин да, апаңдын да сөзүнөн, кордугуңардан тажап кеттим. Ошол айтканың чын болуп Кемел мени карай турган болсо артка бир кылчайбай ага тийип алмакмын”,-деп ого бетер ачуумду келтирди. Таң аткыча аябай сабап чыктым. Тилинен тапты да. Кудай жалгап ошол түнү кожоюнум да, энеси да жок болчу. Эртең менен келишти, аялымдын көгөргөн көзүн көрбөсүн деп аны үйдөн да чыгарбай койдум эле тиги кемпир үйгө кирип барганбы, көрүп калыптыр. Уруш эмнеден чыкканын ага айтып койгон экен, Кемел мага айтканда жети өмүрүм жерге кирип кетти.
Бирок тутана албай турган отко өзүм жел үйлөдүм беле, тилимен таап алдым. Чындап эле аялым менен Кемел мамиле күтүп алышканын кийин билдим. Анткени, аялым таптакыр эле мени жанына жуутпай, алыстап, муздак болуп кетти. Чырыбыз көбөйдү. Менин кызганычым бул жакта эле калды. Урушубузга Кемел аралашып, мени койчулуктан кетирмек болду. Кете турган болгон соң аялымды жүр десем ойлобогон жерден ал кетпейм десе болобу. “Сенден эмне жыргал көрдүм, энең экөөңдүн жабыштырбаган адамыңар калган жок. Көзүмдөн көк кеткен жок. Баарына чыдап жашасам да баркымды билбей койдуң. Жадагалса бир тууганыңдан да кызгандың. Эми мындан ары кызганбай эле кой, мен бул жерде калам”,-деди. - Эмнеге каласың? - Жашайм ушул жерде. - Ким менен жашайсың? -Кемел менен...
Башыма таш тийгендей болду. Ушуну айтканга кантип оозу барды билбейм, тим эле бычактап салгым келди. Камчыны аны көздөй таптай бергенимде биздин сөзүбүздү тыңшап турганбы, Кемел чыга калып колумдан кармап калды. -Болду, баары бир сен башкага кетем деген аял менен жашабайсың. Экөөбүздүн көңүлүбүз табышты, сулуу аял алдың, бирок аны соолуттуң. Жадагалса суу куйганга жарабадың. Эми ал меники болот,-деди. Экөөнү бирдей ашата сөгүп туруп кетип калдым. Айылга барсам апам ого бетер албууттанып алыптыр. Уулун чанып кетип жатса ага оңой бекен. Болушунча аны жамандап, аягы суюк көргөздү. Бирок эл деген эл экен, күнөө кимден кетип жатканын таразалайт тура. Көбү эле апам экөөбүздү күнөөлөп коюшту. Апам жулунуп-жулкунуп Кемелдикине барды эле анын энеси: “Балдар өзү каалап жатса эмне кылайын. Ал мурда сенин келиниң болсо, эми менин келиним болду. Баламдын тандоосуна койдум, жашагысы келсе жашасын, келин жаман эмес, баркына жете албасаң эмне кылайын. Балаң да кызыл камчы неме экен, ичип алса келиндин жанын койбой сабаарын өз көзүм менен көрбөдүмбү. Небереңди берем десең бер, бөлөксүнтпөй багып алабыз, жок, алып калам десең дагы өз ишиң. Бирок баланын энеси ушул келин экендиги чындык” -дептир.
Ызылдап-ызылдап калып калдык. Кемел менен менин аялым жарашкан жубайлар болуп калышыптыр. Фермасын кеңейтип, улам алмашып бир машина минип, баягы мен жаңы алганда кулпурган келин эми андан да ачылып алган. Кемелге эгиз уул төрөп берди. Чоң дүкөн ачып иштетип жатат. Күнөө өзүмдөн кетип калганын, апамдын шыкагына кирип үй-бүлөмдү бузуп алганыма өкүнөм. Кээде ичкенде арманымды апама айтып алам, ал баары бир мойнуна албай мага таарынат. Аялым мени менен учурашып, балага эмне керек экенин, же кийимин алып берейин деп сүйлөшүп калсак деле Кемел кызганбайт. Мен болсом эчак анын көзүн көгөртмөкмүн. Кызганам деп жүрүп куру жалак калдым. Биринчи аялыма дагы деле көп адамдар суктана карашат, анын бири менмин. Кызыл гүлгө жетип, аны соолутуп алаарымда башка бирөө аздектеп алды. А мен армандамын...
Макала интернеттен алынып оңдолуп түзөтүлдү...
Булак: "NazarNews.kg"