www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Аңчынын арманы

Мен бала кезде бул уламышты улгайып калган кишилерден көп угар элем. Алардын айтымында ал мергенчи чын эле болгон, Жумгал өрөөнүндө жашап өткөн дешет. Артынан туяк калбагандыктан азыр анын балдары, неберелери жок экен. Анын чын төгүнүн ким билет, эми ошол уламышка кайрылалы.
Кечээ жакында эле Улуу Октябрь революциясына чейин Жумгал өрөөнүнүн эки айылын баккан Жаныбек деген мергенчи болуптур. Көзгө атаар, өтө тажрыйбалуу, дасыккан мергенчи болгондуктан ууга чыккан сайын сөзсүз аркар-кулжа, кийик атып келип өзүнүн элин дайыма тойгузуп турчу экен. Ошол себептен өзүнүн айылынын элдери аны кудайындай көрүп, кадыр-баркы убагында аябай эле чоң болуптур.
Бир күнү айлындагы азык түгөнө баштаганда мылтыгын алып ал кайрадан ууга аттанат. Ошол күнү дегеле жолу болбой коёт. Тоодон тоону ашып, зоокадан зоокага өтүп бир да кийик жолуктура албайт. Ал ушунча болуп бир да жолу олжосуз кайткан күнү болбоптур. Ал күнү тумшугуна эч нерсе илинбеген соң
айылына кайтпай тоого түнөп, эртеси аңчылыгын андан ары дагы улантмай болду.

Кечке жакындап калган маалда сака түбүнө от жагып отурса кайдандыр-жайдандыр бир ак сакалы жайкалган ак кийинген киши басып келет. Экөө бир аз сүйлөшүп отурган соң ал кетип баратып "эмне мүдөөң бар?" деп сураптыр. "Мага эч нерсенин кереги жок, болгону аябай чоң, семиз аркар болсо жакшы бо-лот эле" деп жооп бериптир. Анын эс дартынын баары эле элине уят болбош үчүн айылына сөзсүз кийик атып баруу милдети эле. Ошол себептен тиги карыя "эмне мүдөөң бар?" деп үч жолу сураганда үчөөндө тең "семиз, чоң аркар болсо..." деп жооп бериптир. "Андай болсо мобул кырды ашсаң беш-алты чаарчыгын ээрчиткен кулжа көрүнөт, ага тийбей, андан аркы кырды ашсаң сен ойлогондой семиз, чоң аркар бар, ошону атып ал" деп алиги карыя көздөн кайым болот. Бул сырдуу көрүнүшкө таң кала Жаныбек ордунан турат да, чал көрсөткөн кырды ашат, чын эле кырдын аркы бетинде чаарчыктарын ээрчиткен кулжа жүрүптүр, ага тийбей аркы кырды ашып чоң, семиз аркарды көрөт да, аны атып алып үйүнө кайтып келет. Көргөн окуяны ата-энесине айтса алар "Кап, уулум бекер кылыптырсың. Сага Кыдыр өзү көрүнгөн турбайбы, кийикти эле айтып туруп албай жакшылап ойлонуп жакшы үч мүдөөңдү айтсаң болмок экен. Ошондо аябай бактылуу жашамаксың. Колго келген бактыны өзүң учуруп ийген турбайсыңбы" деп аябай кейишет.
Айтканындай эле өмүрү өткөнчө кийиктен аябай жолдуу болуптур. Үркүн мезгилинде да тоо арасына жашынган өзүнүн айылынын элдерин жалаң аркар, кулжа, кийик менен багыптыр.
Кийин айылга Совет бийлиги орноп колхоз-совхоз уюшула баштаганда да өзүнүн айылын кийиктин этинен өксү кылбаптыр. Бирок, өкүнүчтүүсү өмүру өткөнчө эч кимге үйлөнбөй, туяксыз жашап өтүптүр. Ошондо мергенчи "кап, өткөндөгү карыяга жолукканда бекер кылыптырмын, жок дегенде "артымды мал бассын, туяк, тукум көбөйсүн" деген бир эле ооз сөз айтып койгондо минтип бул жашоодо жалгыз жашап өтмөк эмес экенмин" деп аябай өкүнгөн экен.
Б.Кулназаров, Жумгал району

Булак: Шамбала

Последние новости