www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тагдырыңа эмне жазылганын билбейт экенсиң...Мен минтип кырктан ашып кеткенче турмушка чыкпай калам деп эч качан ойлобоптурмун. Төрт курбу чогуу жүрөбүз. Үчөөнүн күйөөлөрү бар. Мен бойдок.
Курбуларым күлүп калат: -Аппак ат минген Ханзааданы күтүп жүрүп ушул жашка келип калдың. Эми эптеп бирөөдөн төрөп ал,-дешет. Мен болбой чычалайм. Чычалаганда эмне, ошондой эле болуп калды окшойт. Жашым келип калды, мен күткөн жигит жок. Курбум Жанаранын күйөөсү кыз жандуу неме. Биз таанышкандан бери көз салып келет. Ал курбумдун көзү мындай болсо эле тийише баштайт.
Бир майрам болуп бардыгыбыз ресторанда отурганбыз. Бир кезде аяшым бир аз кызып калган эле, мурдагы адатын карматып дагы тийише баштады.
-Жинди болдуңбу? Аялың менин жакын курбум. Сенде уят деген нерсе калган эмеспи?
-Сен көптөн бери күзгүдөн өзүңдү карай элек окшойсуң? Картайып калганыңды билбейсиңби? Чачыңдын жарымы агарып, жүзүңдү бырыш басып баратат, дагы деле жакшы жигит күтүп жүрөсүң. Дагы бир-эки жыл убактың калды. Анан бүттү, эч ким сени карабай калат. Азырынча мен көз салып жатканыма сүйүнсөң.
Аяшым менен урушуп кеттим. Жанарага айтам деп коркуттум. Ал күнү кече бүткүчө көңүлүм чөгүңкү отурдум.
Үйгө жетээрим менен күзгүнүн жанында көпкө турдум. Чын эле жашым өтүп баратыптыр.
Эртеси курбум Назиктин кабыл алуусуна жазылдым. Ал гинеколог болуп иштейт. Курбума:
-Менин бала төрөгөнгө мүмкүнчүлүгүм барбы? Же кеч болуп калдыбы?
Мени карап-карай элек:
-Кеч болуп калды. Климаксың жакындап калганы көрүнүп эле турбайбы. Бала жөнүндө эртерээк ойлонуш керек болчу. Бардык нерсе өз убагында болгону жакшы.
Курбуман көңүлүм суз чыктым. Сыртка чыгып ыйладым. Чын эле ушуну менен бүттүбү? Кантип эле деп үмүтүмдү үзгүм келген жок. Гезит алып карап отургам, көзү ачык аялдын жарыясына көңүл буруп калдым.
Окусам: -Ар кандай ооруларды айыктырам, жол ачам, тагдырыңарды айтып берем,-дептир. Мен мындайга ишенбейм, бирок эмнеси болсо да барып көрөйүнчү деп чечтим.
Көзү ачык аял мага жакты. Өчүп бараткан үмүтүмдүн билигине бир аз болсо да май тамызгандай болду. Менин мурунку жашоомду, чынында сексен пайыздай туура айтты. Курбумдун айтканын айтсам күлүп:
-Курбуң туура эмес айтат. Ага ишенбе. Сен эки жылдан кийин төрөйсүң.
-Турмушка чыгамбы?- дедим үмүттүү карап. -Жалгыз баланы тарбиялоо, өстүрүү кыйын го. Күйөөм болсо жакшы болмок.
-Ал жөнүндө эчтеке айта албайм. Алдын ала билгеним баланын атасынын башкы тамгасы "А" дан башталат.
Кашайып бир дагы менин тааныштарымдын аттары "А"дан башталбайт.
Келип эле курбуларыма айттым. Назик жактырбагандай басып кетти. Себеби көзү ачыктын ал жөнүндө айтканын айткам да. Жанара менен Сабина мага кантип жардам берерин билишпей жатты.
Бир убакта Жанара:
-Ай менин күйөөмдүн аты "А"-дан башталат го.
-Эмне болуптур?
-Сен айтпадыңбы "А"дан башталышы керек деп.
-Койчу каяктагыны сүйлөбөй. Акыл эсиң жайындабы?
-Эгер сен турмушка чыкпагандан кийин боло берет. Ансыз деле ар ким менен жүрөт. Көнүп деле калгам. Сага барса эмне болуптур. Мен анын кайсыл жакта жүргөнүн билем, мага жакшы болот. Экинчи жагынан ал сага көз артып жүрөт. Эгер ал сага жакса.
-Жакпайт. Өзүңө эле буйрусун. Андан көрө жип менен байлап, кыскараак кылып өзүңө жакын кармап жүрсөң.
Ошону менен эчтеке чечпей тарап кеттик. Назик экөөбүз көзү ачыктан кийин алыстай баштадык. Эми Жанарадан да кол жууп каламбы деп чочуладым.
Бир жыл мурда Сабина телефон чалып;
-Жолугушуп сүйлөшөлү. Телефон менен бүтчү иш эмес,-деди.
Жолуктук. Мага күйөө табыптыр. Өзүнүн алысыраак тууганы айылдан келип, ошолордукуна конуптур.
-Жакшы жигит. Бир гана аялдан жолу болбой жүрөт. Таанышып көрбөйсүңбү?
-Аты ким?
-Анын сага эмне кереги бар? "А"дан башталбайт. Сен дагы эле ошол көзү ачыгыңа ишенип жүрөсүңбү? Койчу каяктагыны.
-Мейли. Тааныштырсаң, тааныштырчы тууганынды.
Тууганынын аты Бахтияр экен. Чынында жакшы жигит, жогорку билимдүү, мал доктур, район бүт сыйлаган киши экен. Ак көңүл, колу ачык. Мен ага жактым окшойт. Ал өзү жөнүндө айтып кирди:
-Мен областын борборунда жашайм. Чоң үйүм бар. Баары-бардыгы жетиштүү, бир гана жалгыздыктан тажадым. Макул болсоң эртең эле чогуу кетебиз.
-Сен мени жакшы билбейсиң.
-Мен адамды бир көргөндө билем.
-Мен кандай экенмин?
-Мен каалаган айым экенсиң. Сулуу, акылдуу, колунан келген. Экөөбүз очор-бачар жашап кетебиз.
Ойлонуп көрөйүн дедим. Сабина телефон чалып:
-Эмне болдуң? Жактыбы?
-Жакшы эле эркек экен.
-Анда эмнени ойлонуп турасың? Сенин жашыңда колго киргенин кармап калыш керек. Бахтияр жаман адам эмес.
-Бишкектен башка жакка кетким келген жок.
-Ал маселени чечсе болот го. Ал үйүн сатып Бишкекке келээр.
-Бою да пас экен. Мага узун бойлуулар жагат.
-Аты да жакпайт дебейсиңби,-деп жинденди курбум.
-Ал жагы да бар.
Аскар менен интернеттен тааныштык. Ал мага жазды. Эки жумадай жазышып, телефон аркылуу сүйлөшүп анан жолугуштук. Мына тилегиме жеттим. Аты да "А"дан башталат.
Ошентип мен маектешимен сурадым.
-Кантип баары ийгиликтүү болду?
-Эмне десем. Көрүп тургандай боюмда бар. Аскарга айтсам абдан кубанды. Боюмдагы уул экенин укканда андан бетер сүйүндү. Анын мурунку аялынан эки кызы бар экен. Ал -"Көптөн күткөн тилегим болчу"- деди.
Кубанып жатты, бирок ошол бойдон Аскардан дайын жок. Мен кайсыл жакка жоруурумду билбей жаттым. Жакшылыккабы, жамандыккабы? Телефону өчүк. Өзү да кабар албайт. Арадан бир жума өткөндөн кийин келди. Эмне болду?- деген суроомо:
-Болочок наристени жууп жүрдүм,-деп койду.
Балким ошондойдур. Анын досторун, ата-энесин тааныбайм. Ата-энеси Бишкекте жашап турушканына карабай кандай адамдар экенин билбейм.
Аскарга качан ачыкка чыгаарыбызды айтсам:
-Азырынча молдого нике кыйдырып турабыз,-деди.
Мен ЗАГС болбосо анда атасыз деле төрөй береримди айттым. Менин боюмдагы бала жакшы жайгашпай калганбы, айтор ооруканага жатып дарыланууга туура келди. Аскар дагы жоголуп кетти. Мунусунда бүттү го дегем. Кечке маал түз эле мен жаткан палатага кирип келди. Мас эмес бирок кызуураак, аны дарыгерлер кантип киргизип жиберишкенин билбейм.
-Эмнеге келдиң?- дедим.
-Сени сагынып кеттим,-дейт.
Мына он күндөн ашып калды, ал дагы кайрадан жок. Телефон да чалбайт. Кайсыл жакта? Эмне кылып жүрөт, дайыны жок. Мүмкүн аялы бардыр.
-Сиз аны сүйөсүзбү?- дедим маектешиме. Эгер бирөөнү сүйсөң анын жаман жактарына көз жумуп, кечире аласыз. Ийинин куушурган Тамара:
-Билбейм. Ал менден беш жашка кичүү. Экөөбүздүн ортобузда бала болуп калды. Көзү ачык айткандай, аты "А" тамгасынан башталат. Мүмкүн акырындан барып көнүшүп кетербиз.
Тамара жакын арада төрөйт. Дарыгерлердин айтуусу боюнча чыныгы баатыр төрөлүшү мүмкүн. Жашы кырктан ашып калганына карабай Тамаранын да баланын да ден соолуктары жакшы. Назик курбусу гана дарыгер катары көбүрөөк ар нерсени айтып коркутуп келет. Ал башынан ошондой, боюнда бар айымдарды антип калыптырсың, минтип калыптырсың,- деп коркута берет.
Тамара жакшылыктан үмүтүн үзбөй чыгып баратты.
Мен:
-Аман-эсен көз жарып алыңыз,- дедим. Башка колумдан эмне келмек эле.
Булак: Тамчы