www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Ит менен кошо каза болгон кыз

Быйыл Ит жылы болгондуктан, иттер тууралуу көп окуялар эске түшөт. Анткени силердин гезитиңер дагы иттер тууралуу укмуштуу, табышмактуу окуяларды баяндап жазып жатпайсыңарбы. Менин дагы башымдан өткөн ушул ит тууралуу бир окуяны баяндап бергим келет. Ал мындайча болгон.

Дегеле үй жаныбарларынын баарынан ит адамга жакын болот эмеспи. Ити бар үйгө уурулар да оңой менен кире алышпайт. Алар жакшы коргоочу келип, кожоюнун үйүн да, короосун да, малын да жакшы кайтарышат. Ошо себептен үй жаныбарларынын эң эле ишенимдүүсу, акылдуусу, кожоюнуна берилгендиги, кароолчулугу, амалдуулугу жактан башка жаныбарлардан өзгөчөлөнүп турат. Кожоюндарын өлүмдөн, кырсыктан сактап калган көп эле иттерди көрүп атпайбызбы. Өзүнүн ээсине ушунчалык жан-каны менен берилген иттер да бар, буга бир мисал келтирип кетейин.

Мен анда айылда, Кочкор районунун Семиз-Бел деген айылында, төртүнчү класста окуп жүргөн мезгилим болчу. Оо, андан бери канча убакыт өттү, азыр мен Токмок шаарында турам. Ошондо кошунабыз кыздуу болуп чоң той берген. Ошол кезде биздин кандегибиз да тууп, бирок күчүктөрүнүн баары өлүп, бир эле күчүгү калган болчу.

- Бул күчүгүңөрдү бизге бергиле, биз эле багып алалы, анткени биздин кызыбыз төрөлгөн күнү силердин күчүгүңөр дагы туулбадыбы. Экөө бир күндө жарык дүйнөгө келишти, - деп кошунабыз ал күчүктү бизден атайын келип алып кетишкен.
Анын жаңы төрөлгөн кызын Айшат деп коюшкан.

Биздин көз алдыбызча Айшат менен кандек экөө бирдей чоңоюшту. Күчүктүн атын да Акжолтой деп атап алышкан. Кийинчерээк алиги кандек күчүк биздикинен да кабанаак кароолчу болуп чыкты. Үйүнүн жанынан өтүп калсаң, тим эле чаңкылдап үрүп бура бастырбайт. Үйүнө да эч кимисин кийирбейт. Короосуна жакындап келаткан кишини тээ алыстан эле көрүп, алдынан тосуп үрүп чыгат. Тим эле арсылдап үрүп бутка жабышканын кантесиң. Тебейин десең тептирбейт, таш алсаң, качып кетет да аны ыргытып жиберсең кайра ажылдап келет. Кичинекей болуп алып туруп ушунчалык короочу болгонун карабайсыңбы. Элдин бардыгы эле кошунабыздын кандек итин сөз кыла беришчү "үйүнө киргизмек түгүл, короосунун жанынан өткөрбөйт" деп. Чындыгында ал кошунабыздын үйүн аябай кайтарчу, ууру түгүл жөнөкөй эле кишилер кире алышчу эмес.

Айшат менен ошол Акжолтой биздин көз алдыбызда бирдей чоңоюшту. Айшат там-туң басып калганда, кандек күчүк да анын жанынан карыш чыкчу эмес. Кошуналарыбыздын башка иттерине салыштырганда ал көпкө жашады. Дагы да болсо жашап жүрө берет беле, ким билет? Айшат он экиге чыкканда анын жанынан чыкчу эмес, экөө дээрлик жашташ болушчу, Болгону үч-төрт эле саат айырмасы. Адегенде Айшат төрөлдү, көп өтпей эле биздин күчүктөр туулушкан. Биз күчүктөрдү карап кубанып турганда кошунабыздын баласы дагы "апам кыз төрөдү" деп сүйүнчүлөп кирип келип атпайбы. Арийне, кандек иттердин канча жашка чейин жашаарын билбейм, эгерде кырсык болбогондо ал дагы канчага чейин жашайт эле, ким билет.

Күтүлбөгөн кырсык болуп кетти. Өзүбүздүн эле көчөдөн Айшатты катуу келаткан машине уруп кетти. Айдоочусу өзүбүздүн эле айылдык жигит болчу. Ошондо айланага күүгүм жаңыдан кирип келаткан кечке маал
эле. Ичикке оронуп алып үргүлөп жаткам. Машиненин "чыйк" деп тормозду тепкенин, анан аялдын көчө жаңырта кыйкырган ачуу үнүн угуп "эмне болуп кетти" деп ордуман атылып турдум. Көчөгө эл чогулуп калыптыр. Айшаттын энеси менен эжеси айдоочуга жулуна, чогулган эл ортого түшүп аларды арачалап жагышыптыр.

Ооба, ошентип кырсыктап Айшаттын көзү өтүп кетти. Кызы жаш болсо да кадимкидей боз үй тигип, ырым-жырым менен чоң кишилердей кылып жайына тапшырышты. Айшат өлгөндөн баштап эле кандек ит да үч күн бою эле бизге да, башкаларга да уйку бербей улуп туруп алды. Эл кубаласа да болбой койду.
Айшаттын сөөгүн коюп, ызы-чуу болушкандар адегенде кандекке көңүл деле бөлгөн жок. Арадан төрт-беш күн өтүп, кыздын училигин, жетилигин өткөргөндөн кийин гана аны издеп калышты.

Анткени кошуналардын бири да ал иттен чочулап Айшаттын үйүнө кире алышчу эмес. Эмнегедир ал иттен дайын жок. Чындыгында аны издегенге да чамалары келген эмес. Айшатты кандай жайына тапшырышты, алиги кандек ит дагы ошол боюнча табышмактуу дайынсыз жоголду.

Кийинчерээк үй ээси баш болуп, балдары бүт жабыла издешип, аны эч жерден таба албай коюшту. Баарынан таң калычтуусу, экөө бир эле мезгилде төрөлүп, анан бир але мезгилде кайра жок болушту. "Сыягы, экөөнүн жаны бирге болуш керек, тигал оо дүйнөгө кеткенде, аны менен чогуу жүргөн ити да кошо кетти" деп айылдаштары экөөнү бирдей эстешип, көпкө чейин сөз кылып жүрүштү.

Абаскан Жумабеков, Балыкчы шаары

Булак: Шамбала

Последние новости