www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул үй азыркыга чейин эле колдон колго өтүп сатылып келе жатат. Бирок узакка жашаган киши болбой кандайдыр бир кырсыкка учурап шашыла сатып жиберип кетип калышууда. Ошол үйдү айылдаштардын бардыгы "Кара жолтой үй" деп да атап коюшуптур. Анын да чындыгы бар, ага мен өзүм дагы күбө болгом.
Мындай карап келсең, заңгыраган жаңы типтеги эле кооз салынган үй. Кандай адам болбосун өзүнө азгырат, бир жагынан арзан дагы. Андай үйлөр калаада болсо ой-боой баасы тээ асмандап көкөлөп кетмек.
Короо жайы, үйду айланта бийик дубал, кооз дарбаза, короо ичинде алма багы, кыскасын айтканда, айылдагы үйлөрдөн өзгөчөлөнүп турат. Дайыма дарбазанын сыртында "шашылыш үй сатылат" деп жазылып илинип турганын көрөсүң.
Ал үйдү биз дагы убагында сатып алганбыз, бирок биз деле башкалар сыяктуу узакка жашаган жокпуз, катуу кырсыкка учурагандан кийин кайра сатып жибердик. Эгер кара жолтой экенин билгенибизде биз ал үйдү эч убакта сатып алмак эмеспиз. Арийне, бүгүнкү күнүмдүк пендечилик жашоо-турмушубузда ушундай "кара жол-той - ак жолтой" деген нерселер көп болот тура. Биз бул жашоонун ошондой сырдуу кубулуштарына анча маани бербей жүрүп өз башыбыздан өткөндөн кийин гана өкүнүп калабыз.
Бул үйдү сатып алып жатканда, анын айланасында жашаган кошуналар, тааныштар "Ой силер бул үйдү бекер алып жатасыңар, бул үй каргашалуу үй, бир балээге кабылып жүрбөгүлө" деп эскертишкен. Балким, жакшы кооз үй сатып алып жатканыбызды көрө албай жатышат болуш керек, ага маани деле берген эмеспиз. Болгону аны беш жүз миң сомго баалап сатып алдык. Ушунчалык чоң үйдү арзан баада сатып алганыбызга кубанып жаттык. Уулубуз чет өлкөдө Кореяда эки жылдай иштеп акча чогултуп келген. Ушул үйгө көчүп киргенден кийин келинчек алайын деп ниет кылып жүргөн. А түгүл болочок келинчегин үйгө алып келип, бизге тааныштырган. Чоң үйдүн кире бериш жеринде жаңгак дарагы бар экен, анда жаңгактын көптүгүн айтпа. "Бул жаңгактардын өзүн сатып эле оокат кылса болот экен" деп ичтен кубанып да койдук.
Ушул үйдөгү кырсык дал эле ушул жаңгак багынан башталбадыбы. Кечке маал болчу, уулум сүйлөшүп жүргөн келинчегин биздин үйгө алып келип экөө короого чыгып жаңгак терип жатышкан. Биз кудалар менен таанышып, үйлөнүү тоюн кайсы күнү болоорун белгилеп даярданып жатканбыз. Болочок келинчек ошол күнү биздин үйдө болчу, кез-кез келип үйгө оокат кылышып, үйдөгү майда-барат нерселерге кол кабыш кылып калчу. "Оокатка тың келин болчудай" деп биз ичибизден кубанып жүрдүк. Анан күтүүсүз жерден ошол болочок келинибиздин катуу бакырган үнү угулуп кетти. "Биз эмне болуп кетги?" деп сыртка чыга калсак, уулубуз жаңгактын дарагынан кулап кетиптир. Барсак жерде кыймылсыз жатат.
Ооба, ал жапыз эле жерден кулап кетип, арка мойну астында калып, дароо эле ошол жерден жан бериптир. Ошол кездеги окуяны эстегенде азыр да жүрөгүм ачышып, аябай жаман акыбалда болуп кетем. Эркек уулубуздан жалгыз эле ошол болчу, андан улуу турмушка чыккан эки кызым бар. Ошентип күтүлбөгөн жерден уулубуздан ажырап калдык. Бул мен үчүн күтүлбөгөн катуу сокку болду, кырсык да, сокку да ошону менен кошо бүтүп калган жок. Ким кабарлаганы белгисиз, жолдошума бирөөлөр мобилдик телефон аркылуу кабарлап таштаптыр жаман кабарды. Демейде кыргыздар бир жаман нерсени кабарлаарда кошуналар, бир туугандар баары чогулуп келип кабарлашат эле го. Ага ким бул жаман кабарды угузганы белгисиз, же атайылап бирөө жасаганбы бир Кудайым өзү билет. Бул жаман кабарды уккан жолдошум көл тараптан шашыла үйгө машинесин катуу айдап келатып, алдынан кокусунан чыга калган тракторду сүзүп калыптыр. Боом капчыгайына жаңыдан кирип келе жаткан жеринен ушундай кырсыктуу окуя болуптур.
Көп өтпөй дагы экинчи жаман кабар угузулуп кетип атпайбы. Мындай кош соккуну көтөрө албагандар да бар, мен араң-араң туруштук бердим. Арийне, бул да болсо Кудайымдын буйругу болуш керек деп оилойм. Бирок баары бул үйдү "Кара жолтой үй" дегенинен жаман ой кетти ичимден. Анткени буга чейин эле бул үйдү сатып алган далай адамдар кырсыктаптыр. Бутуна туруп иши жүруп келаткандар банкрот болуп, болгон үй-мүлкүн, аны менен кошо жеңил машинесин да сатып, кийимдерин гана алып чыгып кеткендер бо-луптур. Бүтүндөй үй-бүлөсү менен кырсыкка учурап каза болгондор да бар экен. Ушундай окуяларды кошуналар көп эле мисал келтирип айтып беришкен. Мен аларды "жөн эле көрө албай ичтери тарып атайын айтып жатышат" деп тескерисинче аларды жаман көрүп койгом. Ошентип ал үйдөн эки өлүктү жайына тапшырдык. Эки кызым күйөөдө болгондуктан, ал үйдө сороюп жалгыз калдым. Кошуналардын айтуусунда, бул үйдү салган эң алгачкы үй кожоюну Талас жакка кудалыкка барып кайтып келе жатканда "Өтмөк" деген ашуудан авариядан каза болуптур. Ошондон кийин үй сатылып кетиптир. Андан соң улам кийинкилер алып кырсыктап, а түгүл кырсык артынан кырсык болуп кайрадан сатууга туура келиптир.
Биз канчанчысы экенин билбейбиз, кайра андан арзан баага сатып жиберип, башка жакка көчүп кеттим. Анын үстүнө ошол үйдөн акыркы мезгилде көзүмө ар нерселер көрүнө берчү болгон. Бир туруп жаш бала жанымдан чуркап өткөндөй болот, карай салсам жок. Же аппак сакалчан карыя басып жүрөт, өзгөчө күүгүм кире баштаганда же түн ортосунда ошондой көрүмчүлөр көрүнө берет. Молдо ээрчитип келип дубалап, дем салдырып да көрүштү. Акыры бул үйдөн таптакыр эле кетүүнү чечтим. Үйгө көчүп киргенде бүтүндөй үй-бүлөм менен келдим эле, андан жападан жалгыз керт башымды жетелеп чыгып кеттим. Кудайга тобо, ал үйдөн кеткенде кадимкидей жеңилдей, эс ала түштүм. Ошондон кийин ал айылга экинчи басып барган жокмун, а түгүл кошуналары менен дагы жакшы тааныша албадым. Мындайча айтканда, көчүп келдик, бир аз турган соң кайра кеттик.
Угушума караганда, ал үйдө азыр эч ким жашабайт экен, болгону кооз дарбазасынын сыртында "Шашылыш үй сатылат" деген жазуу илинип турат дегенин уктум. Дегеле, ким сатып алса да кырсыктабай жашаса экен деп дайыма тилек кылып жүрөм, Кудайым өзү сактасын!
Токмок шаары, Чүй областы
Булак: “Шамбала”