www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул окуя мындан он-он беш жыл илгери Ат-Башы районуна караштуу бир айылда болгон экен.

Салиманын бир жашка чыкканы калган эмчек эмген баласы бар. Турмушка чыканына экинчи жылга кадам таштап, тийген күйөөсү Адилет менен жакшы жашайт. Адилет үйдүн кичүүсү болгон үчүн атасынын үйүндө калган.

Бир күнү эле Салима бир орунга олтура албай, сыртка кирип-чыгып жатканын байкаган жетимишке чыгып калган кайын энеси байкап калат да үйдөн чыкпай келинин аңдыганга өтөт.

Бир кезде Салима сыртка чыгып кайра чуркап кирип баласын жыттап-жыттап алып кайра эшикке атып чыгат. Ушул саам Батма эне бир нерседен толук шексип, аз убакыт өткөрүп анан келинин артынан чыгат. Сыртка чыкса короонун эшиги ачылып калган болот. Шашыла басып короого кирсе койлор жаңы салынган чөпкө алаксып акырда чөп жеп жатканын көрүп, бери басып бастырманын ичине кирсе келини уй байлаган жипке асылып калыптыр. Дароо ал жерге келип келинин мойнунан жипти акырын чыгарып, анын ордуна бир кара улакты асып, келме келтирип бакча жакта жүргөн уулун чакырат. Уулу экөө Салиманы үйгө алып киргенде келин эсине келип:

-Апа, ырас кылбадыңызбы, эки күндөн бери бир кара неме мени азгырып “асын” деп жанымды койбой койду. Сиз улакты асканда ал улакты өзү менен бирге алып кетти,-деп айтты да бир балээден кутулганына кубанды.

Ошол замат эле жети токоч баабедин жасап, бир козу союп элге тамак берип, арбактарга куран түшүрүшкөндө келин баштагыдан дагы жеңилденип:

-Апа, эми мен өзүмө келдим –деп айткан экен. Бул дагы бир сырдуу окуяны ичине камтып турганына эске алганыбыз жөндүү. 

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

Последние новости