www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балалыгым, жаштык курагымдын күлгүн чагы шаарда өттү. Үй-бүлө күтүп, жети балалуу болгондон кийин айылга келдик. Көпчүлүк шаарда жашоо жеңилирээк деп качырса, бизге айыл турмушу кызык болду. Анткени айылда деле айлык алып, эртели-кеч жер иштетип күн кечирүүгө болот эмеспи деген ойго жолдошум экөөбүз токтолгонбуз. Чынында жаш өйдөлөгөн сайын шаардын ызы-чуусунан тажагангабы шаардагы эки бөлмөлүү тамды жогорку окуу жайда билим алган эки уулума калтырып, беш бала менен айылдагы сатып алган жаңы тамыбызга көчүп келдик. Биз отурукташкан айыл шаардан бир топ эле алыс, бирок шаардагы тамдардан кем эмес курулган. Бардык шарты бар. Биз жаңы өргүү алган там ээсинен эмне үчүн жер которуп жатканын кызыгып сурабаптырбыз. Турак-жайы өтө жайлуу экенине кубандык. Таң калганыбыз мыкты шартына, көп бөлмөлүү, анан эки кабатына карабай арзан баада берип жатканы болду. Ошентип биздин үй-бүлө мүчөлөрү жаңы өргөдө алгачкы күндөрдү кечире баштагандан тарта түнкүсүн түшүнүксүз чуру-чуу, анан бир айымдын кардыккан ызалуу, муңдуу үнүн укчу болдум. Канчалык коркуп турсам да бала-чаканын, Жалилдин тынчын албайын деп алгачкы күндөрү эч кимге ооз ачып айтпай, уктап кетүүгө тырышып, бирок, кээде үнсүз таңды аппак атырчумун... Эми мындай көрүнүш күн сайын кайталана бергенде тынчсыздана баштадым. Толук бир жума бою бул көрүнүш бир убакта кайталанганда жолдошума айтууга туура келди. Көрсө, ыза болгон күйүттүү айымдын ыйын, бирөөлөрдүн чырын жолдошум да утуп жүрүптүр. Ал тургай улуу кызым да сөзгө кошулду. Калгандары - кичинекей, эртелеп уктап калышабы укпагандарын айтышты. Жаңы өргөбүздө сегизинчи түндү өткөрүү үчүн баарыбыз тегиз жаттык. Баягы маалда адаттагыдай айымдын солкулдай муңкана ыйлаган үнү, анан кимдир бирөөнүн опузалаганы кайрадан угула баштады. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди карап, жаткан ордубуздан тура калдык. Аңгыча болбой үрпөйгөн чоң кызым биз жаткан бөлмөгө кирип келди. Калган төртөө бейкапар уктап жатышат. Баарыбыз демибизди ичибизге катып жанагы үн качан басылаар экен дегендей олтурабыз. Ый басылмак тургай күчөдү. Кандайдыр түшүнүксүз тарс-турс эткен дабыш, бири экинчисине айбат берип басынткандай кыйкырык, корккондон чыккан абаз жаңырып жатты. Баамымча, бирөө экинчисине кордук көрсөтүп жаткандай. Бир убакта жолдошум ордунан туруп, терезени көздөй басты. Кызым экөөбүз тең жанына бардык. Төмөн тарапта эч нерсе көрүнбөйт. Жарыкты күйгүзүп, алдыга түштүк. Ызаланган айымдын ыйы угулуп турганы менен издөөдөн эч кандай майнап чыккан жок. Аңгыча таң агара баштады. Ошондо гана ызаланган айымдын үнү кыл үзүлгөндөй токтоду. Таң атканда жолдошум экөөбүз кошуна Гапар мугалимдин үйүнө кирип, күн сайын кайталанып жаткан окуяны айттык. Ал биздин сөзүбүздүн акырына чейин уккан жок. Башын чайкап, минтип сөз баштады. "Бала болуп башыма жүн чыккандан бери ушул айылда турам. А бул сырдуу тамдын тарыхы узун. Атайын келген соң айтпай койсом болбос. Анда мен жаш, мобу жетелеп келген уулуң курактуу боз бала чагым. Сатымкул деген жигит Акбермет аттуу сулуу бийкечти келинчек кылып алып келгенин көргөм. Айыл-апа жаңы келген келинчек Акберметтин ашкан сулуу, эч бир жеринде кемчилиги жок жан экенин айтып тамшанышты. Сатымкул жаш болсо да айыл ичинде кадыр-барктуу, эл сыйлаган мыкты уста эле. Сиздер сатып алган эки кабаттуу, таш короолуу тамды эч кимдин көмөгүсүз, өзгөчө кооздуктар жана айылдыктардан бөтөнчө шарты менен өзү тургузган. Ар кайсы айылга чакыруулар менен көп чыкчу. Анын табигый талантына билгендер таң беришчү. Уста айыл аралап, өз ишин кылып жүргөндө Акберметинин көңүлү башкага бурулуп, көңүлдөш кутүптүр. Жаман сөздү жашырууга болбойт. Кеп шамал менен элге тарап, бат эле устага жетет. Тапканын сулуу келинчегинин колуна салып берип турган уста ошондо аны катуу кысымга алат. Акбермет сулуу көңүлдөшү тууралуу чындыкты күйөөсүнө айтуудан айбыгып, үн чыгаруудан кысынат. Экөөнүн таттуу турмушу ошентип чырга айланат да калат. Сатымкул ошол окуя көпчүлүккө тарагандан кийин эл аралап иштегенин да токтотот. Устанын бар иши көзүнө чөп салган келинчегин жазалоого өтүп, каары эл тегиз жаткандан кийин башталып, Акберметтин буулуга ыйлаган үнү жер агарганча уланарын уккандар айтышчу. Кийин экөөнүн чыры эмне менен аяктаганын эч ким билбейт. Бирок эл арасында "Сатымкул Акберметти өз колу менен өлтүрүп, короосуна жашырды", "экөө элдин сөзүнөн кутулуу үчүн жер которуп кетти" деген сөздөр айтылып калды. Таш короодогу бөтөнчө кооздукта салынган эки кабаттуу үй көп жылдар бою кожоюнсуз турган. Кийин Сатымкулдун тууганы болобуз деп бирөөлөр келип турушту. Андан соң тамды башка бирөөлөргө сатып жиберишти. Кыскасы, ошондон тарта бул таш короолуу там колдон-колго өтүп келет. Жаңы кожоюн башында бул тамды бир көргөндө эле жактырат, кубанышат. Бирок баары эле кайрадан кеткенге шашат. Сырын билгенче убакыт гана жашашат. Айрым бирөөлөрү көргөнүн айтканга үлгүрбөй сатышат" -деп сөзүн бүтүрдү. Жалил экөөбүз тең таң калганыбыздан башка суроого батына албай үйгө кайттык. Эмне кылар айла таппай көпкө баш катырдык. Акыры айыл аксакалдарын түгөл чогултуп, акыл суроону туура көрдүк. Анан жарым кылымды камтыган там тарыхы, таржымалы тууралуу ар кандай кептер айтылды. Анткен менен эч кимиси тамдын пайдубалын түптөгөн Сатымкул менен айыл элин суктандырган Акбермет сулуунун кийинки жашоосу тууралуу билбеси анык болду. Топтолгон көпчүлүктүн алды тарап, арты ордунан козголуп калган. Мугалим Гапар (аны айыл эли ушинтип чакырганынан биз да ошентип атадык, болбосо жашы жетимишке таяп калган) көпчүлүккө кайрылып токтотту. Ал аксакалдар менен биргеликте таш короону жана эки кабаттуу үйдү кыдырып чыгууну сунуштады. Айтылган акылын баары туура көрүштү, биз да макул элек. Сакалдуу сегиз киши калды. Чогулгандар тамга түнөмөк болушту. Бөлмөлөрдү четинен кыдыра баштадык. Курулуш чынында адам суктанарлык экен. Ар бир буюм өз орду менен кылдат коюлуптур. Эч бир нерсе артыкбаш же кем эместигин байкадым. Ансайын Сатымкул устанын чебердигине жаңы келген биз эле эмес, чогулган айыл эли да таң калышты. Айтор, суй жыгылганча издесек да илинчээк таба албай отурганбыз. Түнү уктабай , күндүз кечке жүргөнгөбү жолдошум экөөбүз тең мемиреп көзүбүз илинип кетиптир. Мугалим Гапар бизди ойготот. Баягы түн жарым ченде келиндин буулуккан үнүнө аралаш түшүнүксүз чуу чыгып жаткан экен. Аксакалды ээрчип төмөн түшө баштадык. Көп жашаган көсөм киши биринчи кабатка түшкөндөн кийин: "Жуптардын үнү алыстан эмес, жер төлөдөн чыгып жатат", -деди. Тыңшап көрсөк ырас эле. Ошондо гана ушута чейин жер төлөгө баш багып көрө электигибизди эстедик. Мугалим Гапар кыраатын келтире куран окуп кирди. Чуу салган үндөр кыл үзүлгөндөй тып токтоду. Ушундан кийин гана биз да ордубузга барып жаттык. Эртеси жер төлөнүн оозун ачууга камындык. Укмуштай бекем жабылыптыр. Үч-төрт саатча алпурушкан соң гана кирүүгө мүмкүнчүлүк болду. Анан жер төлөдө да өзүнчө бөлмөлөр бар экенин көрдүк. Биздин ишибиз текке кеткен жок. Жер төлөдөн кепинсиз келиндин сөөгүн таптык. Анын аял экенине моюн жана кол сөөгүндө шуру, билерик бар экенин көргөндө толук ынандык. Сөөктүн жашырылган орду өтө жайлуу болгону менен кепинсиз экен. Анча алыс эмес жерде эркек кишинин да сөөгү бар экен. Бирок анын сөөгү кепинделиптир. Эки сөөктү чыгарып, каадасы менен кепиндеп аксакалдардын жардамы менен жайга койдук. Ошол окуядан кийин гана түн ортосунда чуру-чуу менен ыйлаган келиндин үнү угулбай калбадыбы.
Ж.КАДЫРКУЛОВА
Булак: “Сырдуу дүйнө”