www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртеден бери ушул окуя кейитти.
Баткенде 26 жаштагы келин 30дагы күйөөсүнүн токмогунан каза тапты. Үч бала жетим калды.

Бул жаңылыкты көпчүлүк эркектер окуп, жүрөгү "зырп" деп койбогонуна шегим жок. "Аялы бир чеки иш кылган го" деп отургандар да толтура.

Мындай көрүнүшкө ким күнөөлүү?
Ата - энеси, бир туугандары, тууган-уругу, бүтүндөй коомчулук!

Туугандарын бияка кой, кошунасы, анын ити, бити деле кыз деген кызылды көрсө сурай берет:

- Качан күйөөгө тиесиң, кокуй!
- Азыр бирөөнү кармап кал. Кийин тандап каласың.
- Тие бер, өзүң оңдоп, тарбиялап аласың.
- Эртерээк күйөөгө тий эми, классташтарың баары чыгып кетишти.
- Туугандардын, бөлөлөрүңдүн ичинен сен эле калдың. Күйөөгө чыгасыңбы деги?
- Кокуй, кара далы болуп каласың. Күйөөгө чык. Бала -- бакыт, күйөө -- бакыт. Кокуй, бол эми. Шаш, чурка! Бакытты кармап кал!

Күйөөгө тийсе жыргап кетчүдөй шаштырышат. Өздөрү деле ошол кыз бактылуу болуп кетишине ишенбейт. Бирок гарантия берип салат.

Кыздар да бешиктен бели чыкпай жатып сүйүү десе көзүн май басып, өмүр бою көзүмдү карап өтөт эке-ен деп ойлошот. Эрте турмушка чыгып балээ барбы?

Ата - энелер кызын турмушка эрте берип эмне табат? Элдин сөзүнөн коркуп, эптеп күйөөгө берет да, былчылдатып уруп жатса да "чыда, ажырашсаң эл эмне дейт. Ынсап берсин деп тиле" деп коёт.

Сүйүүдөн көзү бекилген кыз да тиери менен төрөй берет, төрөй берет. Атасы бул статуска даяр эмес, ал төшөккө жатуу менен эле алек! Балдарын бага албай, аялын кийинте албай урушу көбөйүп.

Балын соруп, таттуусун таткан соң күйөө кетет башка менен. Аялы балдары менен же иштен жок, же үйдөн жок. Баягы гарантияны таппай калат. Андан кийинки "турмуштан ажырашкан" деген статустун депрессиясын айтпай эле коеюн.

Деги, мындай окуялардан сабак чыгаргандар бар болду бекен? Дагы канча аялзаты өлүш керек?

Аялың жакпайбы, тынч гана ажырашып кете бер. Өлтүрбө, урба! Жөн гана үйлөн башкасына. Ошондо да" балдарыңдан кабар алып турсаң болду" дейт аялың.

Ит жандуудан, айбанаттан жубун өлтүргөнүн көрө элекмин. Сөз түгөнөт мындай учурда. Уят. Аялзатын кордотуп карап турган кошуна, тууган, коомчулукка уят!

Кызыл кызды көргөндө "күйөөгө качан тиесиң" деп сураган ар бириңер ушундай окуядан соң өз абийир сотуңарга сурак бергиле.

P. S. "Жакшы эркектер деле бар" дегендер бул посттон алыс айланып өткүлө. Сөздү көбөйтпөй, көйгөйгө көңүл бургула.

Эми не болот? Тиги үч бала ар бурчка урунуп жүрүп, эптеп чоңоет. Тууган - урук кызды 11-классты бүтөрү менен баягы гарантиясы бар күйөөгө берип жиберет.

Мына өлүп тынган эненин, анын кызынын талкаланган тагдыры!

Гүлжан Эшбаева (Фейсбуктагы өздүк баракчасынан алынды)

Последние новости