www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Бактыма себепкер бака жалбырак

Бешинчи курста окуп жатам. Группалашымдын көбү кыздар болсо деле ушул кезге чейин сүйүүмдү таппай келгем. А, үйдөгүлөр болсо окууну бүтөөрүң менен эле үйлөн дешет. Айла кеткенде Жаңы жылда сүйүүмдү табайын деп, аябай тилек кылгам. Бирок, чынын айтайын ал тилегим жакын арада эле ишке ашат деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Анан ушу жакында эле, 3-февралда китепканага баргам, сабакка даярданайын деп. Китепти барактап, өзүмө керектүү темаларды издеп жатсам, ичинде кургатылган бака жалбырак бар экен. Кыш болсо да жазындагыдай жапжашыл бойдон сакталыптыр. Көзүм кыйбай кетерде блокнотумдун ичине салып койгом. Сыртка чыгып, китепкананын алдындагы отургучта тамеки тартып, бака жалбыракты кармап отургам. Эмнегедир эле бака жалбырак мага жакын сезилип, көзүмдү алалбай койдум. Ошентип, бир жарым-эки саатча отуруп калдым. Анан ордумдан туруп, аялдамага баратсам, бир сулуу кыз дал менин колумдагыдай бака жалбыракты көтөрүп баратыптыр. Ал да жалбыракты суктанып карап, көзүн албайт. Барар жолум башка болчу, бирок атайы эле тигил сулуу кыз түшкөн маршруткага түштүм. Экөөбүз бет маңдай отурдук. Карасам, дале колума бака жалбыракты кармап жүрүптүрмүн. Аны тигил сулуу байкап калып, экөөбүз тең күлүп жибердик. Бирок, сөз айтууга батынбай көз менен эле сүйлөшүп бараттык. Аңгыча эле ал кыз: -Байке, эмки аялдамадан түшөсүзбү? -деди.

-Ооба, - мен биринчи түшүп, аны күтүп турдум. Экөөбүз чогуу басып бараттык. Эмнегедир мурдатан бери экөөбүз тааныштардай бат эле тил табышып кеттик. Көрсө, анын да сыры бар экен. Аны эки-үч күндөн кийин Айжан өзү айтты. Өзү сулуу, тектүү жердин кызы болгондуктан, көп жигиттер ага батына алчу эмес экен. А, кыз өзү кантип таанышмак. Анан бир жыл мурда цыган аял алдынан чыгып: -Эки бака жалбыракты дубалап берем, китепканага барганда эки башка китепке сальш кой. Көрөсүң го, эмки 14-февралга чейин сүйгөнүңө жолугасың - дептир. Элдин көзүнчө аны менен айтышып отургусу келбей акчасын берип, эки бака жалбыракты алып кете берген экен. Анан цыган аял айткандай ушул жылдын 3-февралында экөөбүз табышып жатпайбызбы. Тагдырдын табышмагы көп, тамашасы кызык, ээ? Антсе да мен бактылуумун. Цыган аял бака жалбырак менен бактымды, арзуум Айжанды таап бергени үчүн кудайга миң мертебе ыраазымын.

КЕМЕЛ, Бишкек шаары

Булак: Сырдуу дүйнө”

Последние новости