www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Ар бир эле адамга өмүрүнө кут келет. Ошондой эле адамга бакыт жети жолу келет. Аларды учурунда билип, кармап алышса бактылуу өмүр сүрүшөт. Эгер келген бакытын ошол кезде билип, кармай ал-бай калышса, анда көбүнесе татаал турмушту башынан өкөрөт".
Мына ушундай сөз-дөрдү айыл арасындагы салабаттуу кишилердин оозунан көп эле жолу уккам. "Каап, ошол жолу мен үчун Кудай Талаа ырыскысын берген экен. Жаштык кылып, көөп жүрүп, ошол ырыскыны кармай албай калыптырмын" деп өкүнүч менен башын чайкап айтып жүргөндөр көп эле болгон.
Ал эми "дөөлөт тоголок, келет-кетет, мээнет жалпак чырмаса чыкпайт" деген кыргыздын накыл кеби да бар эмеспи. Бул накыл кеп тегин жерден келип чыкпаса керек. Дөөлөткө бардыгынын жеткиси, бардыгы эле кармап алгысы келет. Ал эми мээнеттен качышат. Ошол учурда элибиздин каада-салтында жүздөгөн жыл-дардан бери жашап келе жаткан каалоо-тилек, бата өңдүү нерселер бар эмеспи.
"Ырыскыдан кур калба, башыңа кут орносун" деген сөздөрдүн артында эле канчалаган маанилер жатат. Чындыгында эле мындай жөрөлгөлөргө маани берсек, биздин келечек тагдырыбызга оң натыйжа бермек. Учурунда бул окуяны Ырысбек атам өкүнүү менен аитып берген эле. Турмушта бир келген ырыскыны кармай албай калган өзүнө өмүр бою нааразы.
...Күздүн күнү болчу. Ырысбектин жигери ашып турган жигит курагы. Колхоздун жылкысын багып жүрүп, жаңы гана ферма башчылыгына көтөрүлгөн. Алыскы жайлоодогу малчыларга барып, айылга кайтып келе жаткан. Алдында жүрүшү тынч жанга өлчөлүү карагер аты. Бул атты тээ кулун кезинен баштап эле өзү багып чоңойтуп минип жүрөт. Карагер атынын өз эркине коюп, "бир убактайыз да күчтүү болот эмеспи. Кечке ар кайсы чабандыкынан көрөңгүлөп ичкендиктен анын бети албырып, кымызга мас талыкшыйт. Мына ошентип, ат үстүндө магдырап келе жаткан. Күн жаңы гана батып, айлана күүгүм тартып, кечки убак. Бир кезде "жарк" деп түшүп тоголок жылдыз сыяктуу нерсе капысынан пайда болду да, Ырысбектин жанынан өтүп аттын кулагынын үстүндө туруп калды.
Ат болсо эч кандай болуп жаткан көрүнүшкө аң-таң болуп ат үстүндө "былк" этпей жүрүп отурду. Бул жылдыздын эмне экендигин ал түшүнө берген жок. Камчысынын учу менен жаңсап чочутту. Кут жылдыз ат маңдайында бир аз жаркырап турат да, андан соң бийиктеп көтөрүлүп жок болуп кеткен экен. Ырысбек ошентип же жаштыгынанбы, же эч нерсеге маани бербеген алаңгазарлыгынанбы башына келген кутун кар-май албай өкүттө калган тура.
Чындыгында эле, бул кишинин жашоосу башында бейкут өтүп жатты. Бирок өмүрүнүн акыры азаптуу аяктады. Балдары бүт начар чыгып, баары аракеч болушуп, карыган кезде бул кишини жакшылап карай жүргөн адам жок болду. Эки көзү жакшы көрбөй төшөктө бир топ жыл отуруп калды. Үйүндөгүлөр күндө ичип, чыр салып аларды көрүп беймаза оолуп жашады.
Мына ошол кут жылдызды чочутпай кармап калганда мүмкүн анын жашоо-турмушунун аягы жакшы бүтмөк беле деп да ойлоп кетесиң. Адамдарга келген ырыскы, кут ушинтип ар түркүн жол менен аян берет тура. Учурунда ошол аянга маани бербегендиктен, канчалар кийин баштарын муштагылап калышат. Ырысбек өзүнүн башына келген куттан ырыскысын качырат. Анда тестиер кези. Атадан эрте жетим калган ал үйүндөгүлөрдүн улуусу катары түйшүккө эрте аралашты. Ал күнү Бакытбек катуу иштегендиктен аябай чарчаган.
Түн ичинде боз үйдүн бир капшытында катуу уктап жаткан. Түн бир оокумда аны белгисиз бир күч келип ойготту. Үйдөгүлөрдүн баары уйкунун кучагында экен. Бир гана ооз үйдүн төр жагында бир бейтааныш чал турат. Аппак сака-лы белине жеткен карыянын колунда нан бар эле.
-Ме, уулум, жеп ал, ачка болдуң, - ал карыя Бакытбекке колундагы нанын ыргытат. Тосуп алган Бакытбек чочуп кетип нанды карыяга кайра бере салган экен. Карыя дароо жок болуп кетти.
-Кап, ошондо мага ырыскы келген экен. Мен нанды тосуп алып карыяга ырахмат айтсам, мүмкүн турмуш-тиричилигим башкача өзгөрүлмөк беле, ким билет. Мен жаштык кылып бекер чочуптурмун. Өзүмө келген ырыскыны кармай албай калдым. Мына ушундай табышмактуу, сырдуу аяндар бул турмушта көп эле кездешет. Бизге көп эле жолу берилет. Ошол учурду колдон чыгарбасак келечек турмушубуз оң жолго түшөт.
Булак: Шамбала