www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: "Акжолтой ит"

Бул окуя мындан көп жыл мурун союз али чачырай элек мезгилде болгон. Анда менин жигиттик курагым эле.

Аскердик милдеттен кутулуп, айылга келгениме бир аз гана убакыт болгон. Ошентсе да айылга атагым чыгып өтө тентек элем. Бир туугандарымдын баары жогорку окуу жайын бүтүрүп, бир кесипти аркалап жүрүшкөн. А мен аскерден келген күндөн тартып малга аралашып кеттим.

-Кой, балам мал артынан жүрүп мал болуп калды. Баарын эрезеге жеткирип, өздөрү  тандап   аяктаган   кесиптери жөлөк болуп, айтор өз жүгүн, түйшүгүн өздөрү тартып келатышат. Бул уулубуз да турмуштун өйдө - ылдыйын, ачуу - таттуу, жетпеген жашоону студенттик күндөрдү баштан кечирген соң гана түшүнөт. Борбор калаага барып билим алып, ал жактын маданиятын өздөштүрсүн, - деген атам ошол күндөн тартып менин окууга тийиштүү документтеримди даярдай баштады. Ала шалбырт жаз артынан тез эле көлөкөгө качырган жай айы келип, борбордогу жогорку окуу жайларынын бирине тапшырып, Кудайым буюруп өтүп окуп калдым. Мына ошентип мен үчүн ажайып кең, кайталангыс студеттик күндөрдүн дарбазасы ачылды. Окуу жылынын   башында   аталаш туугандарыбыздын    үйүндө    жашап жүрдүм.

-Ким жатаканага муктаж? Алыстан келгендерге жатакана берилет, - деп жатаканага чыгуучуларды тизмелей баштады. Ал тизмеге мен да илиндим. Туугандарыбыздын үйүндө астымдагы ашым, үстүмдө жылуу төшөгүм даяр болсо да өзүмдү ал үйдө бөтөн сезип, жатаканага чыгууну эп көрдүм. Эки
Акжолтой жумага жетпей жатаканадан орун тийип, бирде ачка, бирде ток болсо да кызыктуу күндөргө күбө боло баштадым. Мезгил зымыраган куш дегенге эми гана ынандым. Себеби, убакытты тушап да, тизгиндеп да кала албайт турбайсыңбы.

Мына эми артка кылчайсам төртүнчү курстун ашын иче баштаганыма төрт айдын жүзү болуптур. Ушул убакыт ичннде жатаканадагы өзүмдөн эки жаш улуу кыз менен ынак болуп, ал мени дайым тамакка чакырып, мен жашаган бөлмөнү иреттеп, менин кийимдериме чейин жууп берип кетээр эле. Ал кыздын аты Гүлназ болчу. Менин груплалаштарым кечеге кыз ээрчитип бараарда мага:

-"Гүлназды   эле   ээрчитип албайсыңбы?" - дешип тийишип калыша турган.
Үчүнчү  курсту  аяктап,   үйгө барганымда атам:

-Уулум, сага айылдагы Айталы молдонун кызын ылайыктап жүрөбүз. Сен эми бой жеттиң, үйлөнүп өзүнчө түтүн булатышың керек же суйлөшкөн кызың барбы? Ойлонуп, кабыргаң менен кеңешип көрчү. Эгер макул болсоң ал кызга сөйкө салып коёлу, деп калышты. Ал кызды мурунтан эле таанычумун.

-Ата, эмки келатканда шаардан кыз ала келем, - дегем.

-Балам, турмуш куруу оной эмес "жети өлчөп, бир кес" демекчи, сени кыйнабайбыз, бирок жакшылап ойлон.

Ал жылы мен ошол боюнча борборго келе берген элем. Кечелерде же отуруштарда ичкилик ичилип, кызыган сайын атамдын сөздөрүн эстеп кыжаалат болуп, быйыл ата - энемдин алдына кызмат өтөгөнгө келинчек алып бараарымды көп кайталачу экенмин. Эми төртүнчү курска аяк таштап, алдыда келаткан жаңы жылды группалаштар чогуу тосуп, кышкы эс алууга тарамакпыз. Мен сүйлөшкөн кызымды ээрчите барып же болбосо анын жообун айта барышым керек эле. Бирок, ушу кезге чейин үйлөнөм деп болжогон кызым жок болчу. Мына эми жаңы жылды группалаштарыбыз чогуу тосуп, жатаканада майрамдап жаттык.

Мен кыз жандабастан жалгыз барып, адетимче кызып калыптырмын. Ичтерине кирген "ак моюн" эмнени гана ойго түшүрбөйт. Ошол кечте дос, группалаштарым мени үйлөнтүшмөк болушуптур. Алар кыз издеп убара болушпастан дароо эле Гүлназга барышып, аны көндүрүшөт. Анын да мага болгон сезими бар окшойбу, дароо макул болуп биз менен жөнөптүр. Үйдөгүлөр үчүн жаңы жыл менен кошо кош майрам болуп ата - энемдин сүйүнүчү коюндарына батпайт.

Турмуш өз нугу менен жүрүп, Гүлназ кош бойлуу эле. Бир күнү жай айында Талас өрөөнүндөгү Беш - Таш жайлоосунда жайытта мал жайып келип, боз үйгө тамактанганы киргенбиз. Эшикке чыксам кайдан - жайдан экени белгисиз чоң дөбөт короо алдында турат. Ал күнү жакадан атам келген эле. Ал:

"Короодо чоочун дөбөттүн пайда болгону жакшылыктын жышааны. Келинибиз ак жолтой тура. Иттин атын Акжолтой коёлу" деп дөбөткө ошол атты коюшуп, багып алышты. Ал жылы койлор да эгизден төлдөп, түшүмдүү жыл болду. Бир короо койго Акжолтойдон артык эч ким баш - көз боло алышчу эмес.

Көп өтпөй Акжолтой кандай пайда болсо ошондой кайра дайынсыз жоголду. Ошол күндөн баштап Гүлназ экөөбүздүн мамилебиз келишпей, акыр аягы чоңго айланып, ал бойдогу бала менен шаарга кете берди. Мен да артынан барбадым. Учурда "бүтүүнүн соңунда уланыш бар" деген сөзгө туура маани берип келем. Себеби убакыт, мезгил жараттан айыктырып, экинчи жолу үйлөнүп эки баланын атасы болуу бактысына ээ болуп отурам. Ал эми курбуларымдын айтуусунда, менин тун уулум, өзүмө куюп койгондой окшош, - дешет.

Аны көрүүгө ынтызар болсом да, жолугуунун жолун таппай келем. Бирок ушу мезгилге чейин мени ойго салган, балким, жакшылыкка ыроологон Акжолтой жоголбогондо же ошол жылы эгизден төлдөгөн короодогу койлорго карышкыр тийбегенде Гүлназ экөөбүз чогуу жашап калат белек, деген ойго батам.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

 

Последние новости