www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таң эрте ойгонгон Зуура эне Улуктун түндө салынган бойдон калыбы бузулбай жаткан Улуктун муздак төшөгүн көрүп жүрөгү опкоолжуй түштү. Көзүнүн карегиндей көргөн жалгыз уулунун үйгө кеч келген күндөрү болчу, бирок карыган энесин санаага салып түнөбөй калган түнү болчу эмес.
Баланын кичинекей чагы эле жакшы экен, эми минтип бой жете баштаганда үйгө токтобой калат тура. Улук жалгыз кызынан калган белек, андан башка эненин жашоодо карманаар эч кимиси жок. Турмуштан жолу болбой калган кызы үч айлык уулу менен күйөөсүнөн ажырашып келип, кайсы бир белгисиз себептер менен энесинин жүрөгүнө кеткис кайгы салып түн ичинде сарайга барып муунуп калган.
Ошондон бери эне түндөн, капыстан капталдан куушуруп кирген кырсыктан коркот. Азыр да денеси муздап, сыртка чыккыча шашты. Ою жаманга кетип үйдү бир сыйра айлана карап келип, бир башкача соккон жүрөгүн кармап, жараткандан жакшылык тилеп отуруп калды.
Бир аз убакыт өтпөй эле сырттан айылдын албуут аялы атанган Калиман жулуна кирип келди. Тишин качыратып, өңү бозоруп абдан ачуулуу экенин Зуура эне дароо байкады.
- Ой кел Калиман, таң заардан каяктан, тынччылыкпы деги?-деди жер таяна ордунан турууга аракетенип.
- Тынччылык деп коёт, сенин жарыбаган жетимиңдин тирүүсүндө тынччылык болбой калды го.
- Ок, эмне дейсиң?
- Өмүрү жыргаган эмессиң, жалгыз кызыңды жутуп алып какбаш болдуң. Тиги жетимиң болсо менин уулумду сабап койгон экен, таң аткыча сууга байлап койдум. Баламдын башы-көзү жарылыптыр. Как-баш элең, эми ушул жалгызыңды да жутуп, өлүгүн кучактап өмүр бою жалгыз кал. Ар кимдин эшигин каккылап кайыр сурап калсаң экен. Дагы наристелердин Умай энеси аталып койгонун кантесиң, анчалык касиетиң болсо балаңдын жинин кагып албайт белең?
- Калиман, оозуңа ээ болсоңчу жарыгым, Улук кишиге кол көтөрчү эмес эле, балаң жаңылып калбаптырбы?
- Балам айтмак беле, айтпа деп коркутту да. Мен билип эле жатам, тарбия көрбөгөн томаягың эле кылды. Өмүр бою жакшылык көрбөй калгыла, балаң жашында жайрасын! - деп кагынган бойдон ай-буйга келбей кыйкырып чыгып кетип калды.
Зуура эненин кулагы чуулдап, Калимандын каргышы жаңырып туруп алды. Улуктун сууга байланып турганын эми эстеп сыртка чуркап чыкты. Жай мезгили болгону менен таң салкын татып турган. Калимандар тарапка баратып алардын үйү тараптагы арыктын жанында чогулуп турган ончакты адамды көрүп ошол жакты карай жөнөдү. Жетип барып кийиминен суусу шорголоп, тиши-тишине тийбей калчылдаган өңү купкуу болгон Улукту барып боздоп кучактап калды. Калиман да ошол жерде экен.
- Милицияга каматып салсам болмок, дагы жетим-жесир деп аяп отурам, -деп кыйкыра баштады.
- Сенин жазаңды Кудай берсин. Эгер уулуңа Улугумдун колу тийбесе каргышың какбашыңа тийсин, биз дагы Кудай колдогон адамдарбыз. Сага окшогон жыйнаган байлыгыбыз болбогону менен кудайга жакпаган сөздү оозанып, ишти жасабаган пендебиз, - деп уулун жетелеп көз жашын төгүп үйгө келди. Улукка суук тийип калыптыр, жөөлүп, улам эсинен танып, эненин жүрөгүн оозуна тиштетип жатып бир жума дегенде адам болду. Ушул аралыкта эне Жараткандан күн-түн жакшылык тиленип, Калимандын уу сөздөрүн эстеген сайын мөгдөй берди.
Айыл ичинде Калимандын уулу колуна барына таянып ар кимге кыр көрсөтүп, көпкөлөң тартып кеткенин, ага кол көтөргөн Улук эмес башка балдар экени ачыкталганы тууралуу сөздөр жүрүп жатты. Ал билинген соң Калиман келип айткан ачуу сөздөрү үчүн уялып, карыган адамдан кечирим сурап алдынан бир өтүп коюуга жараган жок...
Ошол окуядан эки жыл өтпөй Зуура эне дүйнөдөн өттү. Уяты жол берген жокпу, же өзү каалабадыбы Калиман батага келген жок. Эне жерге берилген түнү Калиман уктай алган жок. Көзүн жумса эле маңдайында бирөө тиктеп тургандай сезиле берди. Таңга маал көзү илинип кеткен экен, төшөгүнүн этегин ак оронгон жүзү көрүнбөгөн адам келип басып отуруп алып кошок кошо баштады. Уйкудан көзү умачтай ачылды. Чоң шашкеде аскерге кеткен уулунун муунуп каза болгону тууралуу суук кабар келди. Сөөк келип боз үйдө отуруп кошок кошуп жатканда оозуна өзүнөн өзү эле баягы түшүндө айтылган сөздөр чууруп чыгып, арасында адамга айткан каргыш өзүнө кайгы коштоп кайтып келе жатканы тууралуу саптар менен коштолду. Баласынын кайгысын тартып эки айдан кийин күйөөсү каза болду. Үйдүн берекеси ошол адамга байланып турган окшойт, андан
кийин эле үйдөн береке качып, карманаары болуп калган баласы кумар оюнуна берилип кетти. Кызынын турмуштан жолу болбой, жолдошу менен бирде жарашып, бирде ажы-рашып энесин кайгыга салчу болду. Калимандын бир кездеги жер үстүнө учуп жүргөндөй калкып, оозуна ээ боло албай сүйлөгөнүнүн кээри тийип жатканын пендечиликте моюндаган жок. Болгону кимдир бирөө көрө албастык менен дуба окутуп койгон деген жыйынтыкка келди. Түшүнө Зуура эне көп кирет. Дайыма алыстан аны карап башын чайкап турган болот. Алда неге нааразычылыгы бардай туюлат. Иши жүрүшпөй калганда бирөөлөрдөн абдан жакшы касиети бар деген адамга барды. Эмнеге жолу болбой жатканын билип, дуба болсо жандыртып алайын деп ойлоду. Босогону аттап,келген себебин айткыча эле ал адам:
- Сиз каргышка калган адамсыз, -деп баштады сөзүн. - Кудай сүйгөн адамга тил тийгизгенсиз. Сизди арбак кечирбей жатат. Ал адам сизди каргаган эмес, өз каргышыңыз өзүнүзгө кайтып тийип жатат. Ак жерден заар тилиңизди тийгизгенсиз, көз жашына, убалына калгансыз. Анын арбагы дайыма сизди айланып жүрөт экен. Арбактан кечирим сурап, ал жашап, жыты сиңген үйүнөн кан чыгарып куран окутуңуз. Айткан сөздөрүңүздү артка кайтарып албасаңыз оозуңуздан чыккан каргыштын баарына өз башыңызга тийип, ар бири аткарылмайынча кырсык улана берет, - деди.
Калиман кимге сөзү тийип, кимди каргаганын дароо эстей алган жок. Көп эле адам менен талаш-тартышка түшкөн, кимисине кандай сөз айтканын каяктан билсин. Барган адамын эч нерсе билбейт экен деген жыйынтыкка келип үйүнө кайтты. Бирок ошол түнү дагы түш көрдү, купкуу чачтары жоолуктун сыртына чыгып, ачуулуу тиктеген Зуура эне маңдайында турат. Калиман бир нерсе айтайын дейт, тили күрмөөгө келчүдөй эмес. Ойгонсо кара терге чөмүлүп калыптыр, тили оозуна батпай суусап чыгыптыр. Ошондо ал Зуура энеге акаарат келтирип, ак жерден кайгыга салганын, ал каза болгондо жадакалса барып бата кылууга жарабаганын эстеди. Кантсе да касиети бар адам эмес беле, чындап эле анын арбагы мени кечирбей жаткан окшойт деп ойлоду. Бирок пендечилик кылып көзү ачыктын айтканын ишке ашырган жок. Көп узабай кызынын жол кырсыгынан каза болгону тууралуу кабар келди, уулу баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалып кесилип кетти. Калиман бар оокатын сатып, аңгыраган үйдө коколой башын кучактап жалгыз калды. Ошондо кайгыдан баш көтөрө албай башын кучактап отуруп Кудай алдында күнөөсүн моюндады. Адам үчүн байлык колдун кири экенин, тирүүчүлүктө сый, урмат, жакшы сөз дагы жакшы жашоого алып келээрине ишенди. Акыркы тыйынына козу сатып алып Улуктун үйүнө жетелеп барып, өткөн иштер үчүн кечирим сурап, Зуура энеге куран окуткусу келгенин, арбактан кечирим сурагысы келгенин айтып түшүндүрдү. Ал жок деген жок. Бир кездеги чүкөдөй кемпир менен таянган небереси жашаган Зуура эненин үйү жок, заңгыраган үй, кирген чыккан майда балдардын күлкүсүнө бөлөнгөнүн, жылуулук, береке төгүлүп турганын көрүп, Улуктун кечиримдүү адам болуп өскөнүнө баа берип, ичинен ыраазы болуп турду. Куран окутулуп айыл ичиндеги тууган-туушкан, кошуналар чакырылып, алардын астында жасаган каталыгын моюнга алып, Зуура эненин арбагынан кечирим сурады. Бул айылдагылардын баарына сабак болуп калды. Көрсө, ак адамды каралап каргоо, айланып өзүнө кайтып тийген учурлар болот экен. Суук сөздөн алыс бололу.
А. Абдышева
Булак: Шамбала