www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: "Күйөөм тукумсуз экен...”

Бул каарманыбыз үч жылдан бери бала жытына зар болуп жүрүп, акырында күйөөсүнүн тукумсуз экенин билгенден кийин ал үчүн азап тартып жатканы тууралуу төмөндөгүдөй баяндап берген эле. 

-“Балалуу үй базар” деген сөз бекеринен айтылган эмес экен. Күйөөм экөөбүз бири-бирибизди сүйүп эле баш кошконбуз. Башында ынтымактуу эле жашачубуз. Арадан үч жыл өтсө да эмнегедир балалуу боло албай койдук. Бул мезгилдин аралыгында кайын-журтум тараптан бир топ жаман сөздөрдү уктум. Досторунун катары менен ата деген статуска ээ болуп жатканын көргөн күйөөм бир күнү мас болуп келип:

-Аяштарым жыл сайын төрөп жатат! А сен болсо мага жок дегенде бирди төрөп бергенге жараган жоксуң! Сени кетирип башка жаш аял алам,-деди көңүлүмдү оорутуп.

-Өзүң бил,-деп ыйлагым келип тим болдум.

Ошону менен экөөбүздүн ортобуздагы сөз бүттү.

Эртеси күнү соолукканда күйөөм кечирим сурап:

-Экинчи сени капа кылсам каапыр болоюн. Балким, күнөө өзүмдөдүр... Эгер туура көрсөң экөөбүз тең бүгүн дарыгерлерге барып көрүнөлүчү,-деди эмнегедир жалооруп.

-Чын элеби? Жүрү, кеттик, - дедим колунан жетелеп.

Жолдо баратканда эле күйөөм өзүнчө эле бир нерсеге кыжалат болуп жатканын байкадым. Себебин сурасам эч айтпай койду. Бейтапканага барганыбызда дарыгерге алгач мен көрүндүм. Кудай жалгап менде төрөгөнгө мүмкүндүк бар экен. Уролог дарыгердин иш бөлмөсүнөн чыккан күйөөм кабагын бүркөп:

-Сыртка чыгып сүйлөшөлүчү, - деди үшкүрүнүп.

Ошондо күйөөм көзүнөн жашын чубуртуп ден-соолугу тууралуу дарыгердин берген маалыматын мага төкпөй-чачпай айтып берди. Көрсө, күйөөм тукумсуз экен. Бул тууралуу укканда төбөмө бирөө таяк менен чапкандай болуп жаман акыбалда болдум.

Анан өзүмө келип кайра ошол дарыгерге барып:

-Байке, жасалма жол менен болсо да бизге балалуу болгонго эч мүмкүндүк жокпу? - дедим ыйлагым келип.

-Карындашым, мен сага ачык эле айтайын. Эч кандай жок, - деди көзүмө тике карап.

Мындай жан кейиткен жоопту укканымда сыртка атып чыктым. Күйөөмдүн жанына барсам байкушум башкача болуп мусапыр кейпине түшүп калыптыр. Үйгө келгенибизде шыпты тиктеп эч үндөбөстөн жатты. Тамакка да табити тарткан жок. Бир маалда буга чейин мага жасаган жагымсыз мамилеси үчүн кечирим сурады. Акырында чыдай албай шолоктоп ыйлап жиберди. Бекем кучактап араңдан зорго соороттум. Экөөбүз ал түнү бир топко чейин уктабай сүйлөшүп жаттык. Таңга маал экөөбүздүн тең көзүбүз илинип кеткен экен. Уйку-соонун ортосунда жатсам кайненемдин ачуу үнү угулду:

-Кыйратып төрөп койгонсуп түшкө чейин уктаганын кара! Тур, тамак жаса, - дегенде чыдай албай кетип, кечээги дарыгердин айткандарын үйдөгүлөрдүн баарынын көзүнчө жарыя кылып таштадым.

Андан соң бир сыйра кийимимди алып төркүнүмө кетип калдым. Апама күйөөм тууралуу айтсам башкага турмушка чыгышымды талап кылып жатат. Күйөөм болсо жашагысы келгенин айтып эки-үч жолу келип кетти. “Бала багып алабыз” десе да эч болбой койдум. Байкушка бир чети боорум ооруса, бир чети кайненемдин сөзүн эстегенде кыжырым келип жатат. Учурда күйөөмдү кыя албай аябай кыйналып жатам. Эмне кылсам экен?!.

Нурпери ИСАБЕКОВА

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости