www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ак ийилет, бирок сынбайт"- деген жакшы сөз бар элибизде. Убагы келип саясий куугунтукка кабылган Текебаев Өмүрбек Чиркешович жана Чотонов Дүйшөнкул Тезекбаевич үй камагына чыгышты. 29-август тарыхый күнгө айланды, чындык силер тарапта экени тастыкталууда. Сиздерди жана тарапташтарыңыздарды куттуктайм. Кыргызстаныбыздын өнүгүшү үчүн дагы бир топ иштерди аткарасыңар деп ишенем.

Өз убагында Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов жана Дуулат Турдуналиев дагы саясий куугунтукка кабылып, "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренеси менен кармалышканда мунун баары жалган жалаа менен түзүлгөн иштер экенин айтышкан. Алар элди үндөп, көчөгө дагы чыгышкан эмес. Ошого карабастан аларга бул берене боюнча күнөө коюлган.

Ошондой эле башка дагы Жусуп Иманалиев, Садыр Жапаров өңдүү саясатчыларды дагы куугунтукка алып, жалган беренелер менен камап коюшкан. Бул кишилер дагы түрмөдөн бошотулуп, акталып чыгышы керек деген ойдомун.

А. Атамбаев бийликте турганда Башкы прокуратура менен УКМКны менчик ишканасына айландырып, саясий куугунтуктарды жасаган. Бул саясий куугунтукка кабылып жазасын алып чыккан, ошондой эле түрмөдө отургандар үчүн А.Атамбаев жана анын жан жөөкөрлөрү Сегизбаев, Жолдубаевалар жоопко тартылышы керек.

Кубанычбек Исабеков, мурдагы депутат

Булак:  NazarNews.kg

Последние новости