www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жеке тараптарга өтүп кеткен жерлер мамлекетке кайтарылып, жалпы эл колдонуучу жайлар пайда болот. Мындай билдирүүнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков, Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан сейил бактын ачылыш аземинде сүйлөп жатып айтты.
Президенттин билдирүүсүндө, калаанын түштүк тарабы спорт зонасына айланат. Анда шаардыктар үчүн эс алуучу, спорт менен машыгуучу, ден соолукту чыңдай турган комплекстер жана бизнес-борборлор курулат.
“Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен бирге эс алуучу имараттарды куруу үчүн иш пландарды түзүп жатабыз. Буюрса, бул иш аягына чыгат. Бишкектин бардык райондорунда эл эс ала турган ушундай жайларды жаңылайбыз жана ача баштайбыз. Ал үчүн биздин бардык мүмкүнчүлүгүбүз бар жана ага эрк керек”, - дейт өлкө башчы өз сөзүндө.
Айта кетсек, жаңы ачылган сейил бактын аянты дагы убагында жеке тараптарга өтүп кеткендиги айтылат. Ал Бишкек мэриясынын жана тиешелүү органдардын аракети аркасында кайтарылып, бүгүнкү күнү заманбап эс алуу багына айланган.
Булак: "NazarNews.kg"