www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шаар көчөлөрүн аралап, колу желкесинен кесилген бир кишини элдин көбү таанып деле бүткөн. Ал кимди гана көрбөсүн ар бирине эч бир адамга зулум кылбоого үгүт кылаар эле. Күндөрдүн биринде, анын бул кылыгынын сырын билүү үчүн:-Оо,жарыктык, сиздин күндө адамдарды зулумдуктан кайтарууңузга эмне себеп болду?,- деп сурадым.
Анда ал, өз кезегинде ибраттуу баянын баштады: - “Мен заалымдардын (рэкет) жардамчыларынан элем. Ар күнү деңиздин боюнда балык туткан балыкчылардын балыгына салык салып, өзүм каалагын тартып алчуумун. Ал күнү да элден айырмаланып килтейген бир балык туткан балыкчыны көрүп калдым да, анын алдына келип балыгын беришин сурадым. Ал болсо бул балыкты сатаарын жана ал акчага үй-бүлөсүнүн керектөөсүнө жаратаарын айтып, бекер бере албастыгын түшүндүрдү. Мен болсо ага карата күч иштетип, балыкты тартып алдым. Балыкты көтөрүп үйгө кетип баратканымда, жаны үзүлбөгөн жаныбар колумду тиштеп алды. Үйгө келип балыкты ылдый койгон соң, бармагым зыркырап ооруй баштады. Оорунун катуулугунан уктай албадым. Колум шишип да кетти. Таң аткан соң, табыпка барып оорума арыздандым.
Ал бармагымды көрүп:-Бул сөөк чирий баштаптыр (гангрена), бармагыңды кесип ташташ керек, болбосо, колуңдан айрыласын деди! Жан чыдагыс оорудан көрө, бармагымды кесип салууга макулдугумду бердим. Бирок бармагымдан айрылган соң, бүткүл колум да зыркыратып, ооруунун зордугунан көзүмө уйку келбеди! Билегиңден кесип ташта дешти, билекти да кесип ташташка мажбур болдум! Кийин бул дарт чыканакка өттү, карап турганындай чыканактан да айрылдым. Ошентип, бүтүндөй колду кесип таштаган соң, кээ бирлери мунун себебин сурай башташты.
Балык окуясын айтып берген соң, алар балыкчыга мурун эле барып,кечиримиңди сураганыңда, балким колуңда аман калат белең, деген пикирди айтышты. Али да кеч эмес, барып кечирим сура, болбосо беделиңе өтүп кетпесин деп кеңеш беришти. Мен балыкчыны элди түрө кыдырып атып, акыры таптым. Буттарына жыгылып ыйлай ыйлай: -Айланайын, мени кечириңиз,- деп жалбара баштадым.
Ал менин абалымды көргөн соң:-Дуба, бата кылган болчум, ошол дубам кабыл болуптур да,- деди.
-Саидим, мына Аллах менин үстүмдө Өз Кудуретин көрсөттү, мен эми заалымдарга кызматчы болгонумдан Аллах Таалага тообо кылдым! Буйруса, тирүү экенмин заалымдардын эшигине кадам баспаймын жана алардын жардамчыларынан болбоймун! Топуктук Жараткан Бир Аллахтан! - деп аман калганмын.
-Ошол күндөн тарта өзүм баш тарткан зулумдуктан башкаларды да оолак болсун деп,үгүт кылам. Хадистин маанисинде келгендей, үч дуба пардасыз кабыл болот: ата-эненин баласына кылган дубасы, бирөөдөн кордук көргөн кишинин дубасы жана мусапырдын дубасы. Андыктан бирөөнү кысмакка алуудан мурун анын арыз-муңун Угуучу Заттан корколу! Жадагалса кордук көргөн киши каапыр болсо да, анын дуасы менен Жараткан Аллахтын ортосунда тосмо болбойт.
Макала интернеттен алынды.
Булак: NazarNews.kg