www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Сагындым сизди жүрөгүмдүн падышасы

Сыймыктанган өзүмдүн жанымсыз. Сизди эч кимге бербеймин. Турмушта менин жанымда болбосоңуз деле чын дилимде жүрөгүмдүн тереңинде сиз менен дайым биргемин. Ар дайым, эсимен чыгарбай эстеп турамын. Эгер адам чын жүрөктөн сүйсө ошол сүйүктүүсүнүн кемчилдиктери да көзүнө укмуштуудай керемет болуп көрүнөт эмеспи. Карашыңыз жан дүйнөмө канат, тиктегениңиз көзүңүздө бир маанини издеп таппай бүлүк түшсө, көңүлүмө мунун өзү - сыйкырдуу абал.

Толукталбай калат беле? - менин сезимдерим - сизге болгон сүйүүмдүн күчү болбогондо. Энтек-тентеги чыккан күндөрдү соңкусу болчу.

Көлгө барып эс алып келбейлиби, деп барып чөгө жаздап калдым. Кемеге барып асылып калдым. Жакшы күндөр өтүп жаткан экен ошол учурда, анын кадыр-баркын түшүнбөгөн экенмин.

Терезеге тигилип, анан теребелге үңүлүп олтуруп баарын эстеп ыйлап жатканымды сезген жокмун. Булуттар сапары белгисиз илкип-силкип өтүп жатса, аалам баарибир чексиз туңгуюк деп көңүлүм ток болоор эле.

Ал эми сиздин сапарыңыз белгисиз болсо да кайтарынызга ишенип ишене албай, эгер аябай кечиксе - бул өмүрдү узарта алчуудай күчтү таба албашымы ойлоп эзилем...

Акмакмын, сөз бербей, жылоосун карматпай бараткан ой кыялымды башкара албай телефондо сиздин жакшы сөздөрүңүздүн угууга чаңкап тура бердим.

-"Жылуу кийин жаным, бейпил түн жаным, кутман таң жаным дечү сүйүктүүңүз болсомчу…. Ошондо сиз бактылуу болсоңуз кана. Өмүрүм өтүп жатат уланып, бирок мааниси сиз тууралуу болуп жаткан окуялар менен гана маанилүү.

- " Жоок чырагым андай эмес мындай, албетте чүрөгүм туура айтасын"- деген сөздөрүңүздү сагындым. Сизди тааныбай туруп эле сизди эл оозунан укканмын.

Кандай өзүнө кайрат менен ишенген, элдин сыймыгы, атадан артык уул деп баа берип эле тек калганмын… Бир райондун ишенген эр азаматы экендиги, кала берсе башка райондогулар да суктанып кызматташууга чакырган республикалык чемпион, менин колумду сурайт деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Ал күндөрүм түш сыяктуу, түш болгондо да эң таттуу баалууу түш болуп кала берди. Эмне балакет басты… биздин төрт балабыздын бактына кара дак түшкөндөй - кир сардыкка канаатанган катындар сиздин үстүңүздөн арыз жазып … Акыры россияга кетүүгө аргасыз болдуңуз… ... күндөр күлүк аттай жүгүрдү.

Үйдү бузуп, жаңы үй салдык. Усталарды багып, тиричиликке алпурушуп, балдарымдын тарбиясын карап, кайын ата энемди сыйлаганга жетишип жүрдүм.

Акчаны тынбай ай сайын жетиштүү салып жатканыңызда, менин оюм - сизди жерге сууга тийгизбей актап да, мактап да жатты чын дилден....

Акыры ал жакта үйлөнүп , балалуу болгонуңузду өзүңүз шашпай токтоо сүйлөп айттыңыз. Айтканыңызда эле кою кара туман түштү башыма… Сиздин көзүңүздү көргөнүм жок. Телефондо башка бирөө сүйлөп жатат - деп өзүмдү алдагым келди... Ооба, ишенбедим. Кайра кайталап айттыңыз да,-" сотко арыз таштап кой"- деп буйрук бердиңиз. Ал эми, көз алдымда көрүнгөн, күндө чай сунуп узаткан адамдарым - кайын энем , кайын атам бир күндө эле өзгөргөнүн түшүндүрүп бере албаймын … Сот иштерине каттап жаткан бир мезгилде : -«кайда бардың , үйдүн документтери кайсыл жерде турат, өзүңүн атыңа өткөрүп алба дагы» -деген сөздөрү - менин жүрөгүмдү таш боор кылып, мерезге айлантты...

-" Үй өзүңөргө буйрусун"- дедим. Кылган эмгегиме да ыраазымын, жаман-жакшы сөзүм өткөн болсо кечиргиле, балдарымын урматы үчүн", - дедим да басып баратып жер айлан көчөк болуп айланып көзүм караңгылаша берди. Жашым бирин бири түртүп ээгиме карай агып жатты. Кызык там-таш көзүмө көрүнөт беле…???

Балдарымды апамдыкына алып келип таштадым, кайраттанып шаарга иштегени келе бердим. Мына азыр ойгонуп коркунучтуу түштөрдү аяктагандай болдум.

Илгеркилер айткан эмеспи: "Өлбөгөн кул - өлбөсө, алтын аяктан суу ичет"- деп. Азыр ашпозчунун жардамчысы болуп иштеп жатам. Балдарымды алдырып алдым. Кожойкелер мектепке киргизип жардам беришти. Күндөрүм жипке тизилген мончоктой окшош, жумушка барамын келемин. Балдарыма камкордук кыламын. Жакшы эжелер бар. Тамак аш, кийим кече эмне колунан жакшылык келсе жардамдашат.

Июль түнү. Мен жинди дагы эле өзүңүздү сагынып, аяп жүрөм… Качан каерде кемчилдик кетирдим деп өзүмдү, ич этимди жеп келемин.

Көңүл ооруп, ый басып жүрөктөрдү ,

Көргүм келбейт өзүмдү бөлөктөрдү.

Ааламды издеймин, тынчтык берген...

Окуп көрүп, шыпаа берген өрнөктөрдү.

Автору: Ашира Кулишева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости