www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен ушунча жашка келгени көчөдө жүргөндө канча гана көзү көрбөгөн сокур адамдардын таяк менен басып бараткандарын көрдүм. Бирок дегеле анча маани да берген эмесмин. Бир жолу ошондой көзү көрбөгөн адам менен сүйлөшүп, баарлашып отуруп алар жөнүндө мага башкача таасир калтырды. Чындыгында адам баласы өзүнө ар кандай оору-сыркоолорду, балээ-салээлерди өзү чакырып алат. "Сактансаң Кудайым сактайт" дегендей бардык нерселерге аяр, кылдат мамиле жасап жүрсөңөр, таза да, түз да жүрөсүңөр. Мен дагы бул ооруну өзүмө-өзүм чакырып алдым. Жакын досум намаз окуй баштаганда мен дагы окуп, экөөбүз чогуу мечитке каттап баштаганбыз. Анан бардыгы өзүмдөн кетти. Азыр бардыгы кеч болуп калды, өкүнгөндө пайда жок. Анан эле ичкиликтин артынан түшүп намазды унутуп калбадымбы. Азыр инсульт болуп ооруп калганыма бир топ жыл болуп калды. Бир жак ыптам жакшы иштебейт, же тагыраак айтканда, сол колум таптакыр жансыз, сол бутум араң-араң кыймылдайт.
Ошентип өзүмө ушундай кыйын акыбал түзүп алдым. Намазды таштабай эле досум менен мечитке каттап жүрө бергенде менде мындай акыбал болмок эмес. Ушундай ооруга кабылар алдында он беш күн тынбай баш көтөрбөй арак ичкем. 23-февралдан баштап 8-мартка чейин. Дайыма мечиттин жанынан мас болуп жүрүп өтчүмүн. Бир жолу дал эле ошол мечиттин жанынан мас болуп кетип баратканда, асман жаңырган катуу кыйкырык чыгып, бирөө бир нерсе менен мени чокуга "каңк" эттире чапкандай оңкомон сайылып, эс-учумду жоготуп койдум. Үйдөн араң эсиме келдим. Катуу кыйналып ооруп, ооруканага жатып чыктым. Мына ошонун жыйынтыгы, ушундай ооруга чалдыгып калдым. Кудайым өзүң кечире көр, бул да болсо Кудайдын буйругу да. Ошондон кийин бардыгынан бөлүнүп калдым. Досторум, жакындарым, бир туугандарым, жада калса үй-бүлөм да менден алыстай башташты. Бардыгы аракты, аны менен достошкон мени күнөөлөшөт. Эч кимге кошулбай эптеп-септеп кыбырап өзүм менен өзүм болуп жүрө бердим.
Жада калса кийимдеримди, бут кийимдеримди да кийе албайм. Бир кол менен иштөө кыйын экен. Ажаатканага баруу да кыйын. Арийне, мунун баарына өзүм гана күнөөлүүмүн. Эми Жараткандын бар экенине чындап ишенип калдым. Жападан-жалгызмын, мага көңүл бурган эч ким жок. Үйдөгүлөрдүн бардыгы жумушка кетишет, мен болсо керебетте жатам жалгыз, эшикке чыгам-кирем, көчөгө чыгып ары-бери шуулдап басып жүргөн элди карап суктанам. Мен дагы бир убакта ушулардай элем да, азыркы акыбалымды көрүп ичимден зээним кейийт. Кээде ыйлагым келет. Кудайдан кайра-кайра кечирим сурайм, үмүт деген жаман экен, мурунку калыбыма келип, бир жак ыптам иштеп кетет болуш керек деп үмүт кыла берем таягымды таянып алып. Араң-араң кыбырап басам, эриккенде мечитке барам, дүкөндүн артындагы отургучка отуруп алып ары өткөн, бери өткөндөрдү карап отура берем.
Бардыгынан өзүмдү аябай алсыз, төмөн сезип чүнчүп кеттим. Жүдөп да кеттим. Аябай акырын аяр басам, эгер бир нерсеге кичине эле мүдүрүлсөм бүттү бетим менен келип жерге сайылам. Анткени тирөөч кылгандай колум менен бир бутум туруштук бере албайт. Сол колум болсо өлүү болуп ары-бери шалактап жүрөт. Ошондой азаптуу күндөрдүн биринде адаттагыдай эле дүкөндүн арт жагындагы отургучка барып калдым. Ал жерде жашы элүүдөн өтүп калган бир киши отуруптур. Салам айтып жанына бардым дагы бир жак ыптам иштебегенин айтып кичине ары жылуусун өтүндүм. Ал мага орун бошотуп берип, экөөбүз катарлаш отуруп баарлашып калдык. Мен ага бир жак ыптамдын иштебегенине арман кылып айта баштаганда эле ал сөзүмдү бөлдү.
- Канчадасың?
- Элүү жетидемин, мурун зыпылдап кутуруп, чуркап эле жүрчүмүн, азыр акыбалым ушундай болуп калды, - адаттагыдай эле мен арманымды айта баштадым. Ал бир топко унчукпай отурду. Анан мени колдон кармап сөз учугун улады.
- Сен бактылуу экенсиң, ушуга да шүгүр келтирип, Кудайыма тобо кыл. Кулагың угат, көзүң көрөт, баса алат экенсиң, сүйлөй алат экенсиң, акыл-эсиң ордунда. Эч убакта бирөөгө арманыңды айтпай жүр. Бул да болсо Кудайымдын буйругу. Мына мен, сага караганда эки көзүм көрбөйт, бирок ушуга да тобо кылам, акыл-эсим ордунда. Көзүм көрбөсө да эч кимге көз каранды эмесмин. Бардыгын өзүм жасайм. (Мен ошондо гана анын көзүнүн көрбөгөнүн билдим. Мындай караган кишиге анча билинбейт экен).
- Бардык нерсени дене мүчөм менен сезип турам. Күн бүркөкпү, ачыкпы. Убакыт мезгилин -түшпү-кечпи, таңбы, бардыгын айтып бере алам. Азыр күндүн кайсыл жерде турганын көрсөтүп берейинби? (Ал сөөмөйү менен күндү көрсөттү). Шамал мобул жактан келип атат. Колумдун учу менен бардык нерсени сезем. Сенде акча же монета барбы, канча сом экенин колум менен сыйпалап айтып бере алам. Мен чөнтөгүмдөн жыйырма, анан элүү сомдукту алып чыктым. Ал адегенде жыйырма сомдукту сыйпалап, дароо эле айтып берди. Анан элүү сомдукту сыйпалап, аны да так айтты. Ошондой эле тыйындардын бардыгын жаңылбай айтты.
- Мен азыр айланамда турган дарактардын бардыгын билем, кайсыл жерде өсүп турганын. Үйүм мындан бир канча чакырым жерде эки көчө ары жакта турат. Бул жакка өзүм эле басып келем. Алыс жактан машинанын келатканын да үнүнөн сезип турам. Троллейбуспу, жеңил машинабы, автобуспу аны да дароо добушунан ажыратам. Азыр мына тигил жерден маршрутка, автобус өтүп кетти, туурабы?
- Ооба, - деп жооп бердим.
- Аябай сезимтал болууну үйрөнүү керек. Мына жел жүрө баштады, салкын жел, демек бир сааттан кийин жаан жаайт. Анткени колума бир-эки тамчысы тийди. Өйдө тарап бүркөлүп келатабы? Мен өйдөкү тарапты карасам, чын эле бүркөлүп калыптыр. Анын сезимталдыгына аябай таң калдым. Ошо маалда бир ит анын жанына келди эле, аны башынан сылап чөнтөгүнөн бир нерсе алып чыгып берди.
- Бул ит менен досмун, мен келгенде дайыма жаныма эркелеп келет. Дүкөндүн айланасында жашаган иттердин бири болуш керек. Азыр саат канча экенин болжол менен айтып берейинби? Он эки же он эки жарым. (Саатты карасам, он экиден он беш мүнөт өтүптүр. Таң кала башымды чайкап койдум).
- Үйдө эч ким жок болсо тамакты да өзүм жасайм, даамдуу кылып. Өзүм беш маал намаз окуйм, дабаатка да чыгып турам. Мени сокур дешет, керек болсо мен сокур эмесмин, намаз окубай жүргөндөрдүн, ошолордун өздөрүнүн көзү сокур. Намаздагы сүрөлөрдүн бардыгын жатка билем, анын баарын кулагым менен эле угуп жаттадым. Керек болсо кырааты менен окуй алам, булардын бардыгы мактаныч эмес. Кудайыма тобо, сага да сабак болсун деп айтып жатам.
Көп эле наалып, кейий бербе. Чыйрал, эсиңе кел. Кой, анда жылалы, бир аздан кийин жаан жаап келет. Үйгө жетип үлгүрөлү. Ал ордунан турду да таягын таяна көзү бар кишидей эле кичине жолго түшүп, мени менен коштошуп кетип калды. Аны көргөндө кадимкидей сопсоо кишидей чыйрала түштүм. Мен дагы чымыркана, ишенимдүү үйдү көздөй кадам таштадым. Ал айткандай эле үйгө жетээрим менен жаан төгүп кирди. Ошондон кийин өзүмдү кемсинтпей, Кудайга тобо келтирип калдым. Кээде ойлоп коём, Алла Таалам аны өзү жолуктурдубу деп мага, анткени аябай чөгүп, чүнчүп кеткем. Ошол бейтааныш сокур кишини ойлогон сайын кадимкидей чыйралып, бирөөлөргө көз каранды болбой тың болуп жашоого умтулам. Ушунуңа да Кудайыма тобо! - деп башынан өткөн окуясын баяндаган Бишкек шаарынын тургуну Искендер "Шамбала" гезитине.
Булак: NazarNews.kg