www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин айланасындагы окуялар күтүүсүз багытка бурулууда. Bespredel.kg баракчасы жазып чыкты. Аталган баракчага ЖКнын "Бир Бол" фракциясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов (Душка) менен маркум Айеркен Саймаити Ош шаарындагы чайканалардын бириндеги чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланды.
Маалыматта Саймаити, Дүйшөн Төрөкулов жана Алтынбек Сулаймановдор Ош шаарында бир топ жылдар чогуу иштешкен деп жазылган. Ошондой эле "Азаттык" Саймаитинин бизнес өнөктөштөрү тууралуу кеп козгобогондугу айтылат. Сүрөт 2012-жылы тартылган жана ал мезгилде Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин депутаты болгон эмес. Бир топ жылдар бажы тармагында иштеп келгендигин белгилүү.
Айта кетүүчү жагдай "Азаттыктын" изилдөөсүндө Дүйшөн Төрөкуловдун дагы пикири камтылган. Бул дал келүүбү же алдын-ала макулдашылганбы тактай турган жагдай. Өз пикиринде Дүйшөн Төрөкулов кайсы бир каза болгон депутат тууралуу күмөндүү пикирин билдирген эле.
Ал эми Саймаитинин өлүмү боюнча ар кандай божомолдор айтылууда. Саясатчылардын арасында ачык айтылбаганы менен Саймаити менен Дүйшөн Төрөкулов жана Алтынбек Сулаймановдордун алакасы тыгыз экени тууралуу «шыбырт» кетти.
Дагы бир таң калычтуу нерсе, Фейсбук колдонуучу Руслан Матаев “Айеркен Саймаити жана Жогорку Кеңештин депутаттары. Бир көргөндө видеодо таң кала турган эч нерсе деле жок. Бирок, бир жагдай бар! Мындагы видеонун каармандары Түркиянын пляждарында, яхтанын ичинде 2014-жылдын 27-декабрында Ош шаарындагы аэропорттон 7 миллион долларды карактап кеткенден кийин “кушту” майлап отурган кездери. Ал карактоонун буйрутма берген адамдары Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Замир Саргыбаев жана Стамбулда өлтүрүлгөн маркум Айеркен Саймаити.” деп жазып тасма жүктөдү
Азырынча аты аталган депутаттар жогорку маалымат боюнча үн ката элек, байланыша алган жокпуз…Кызыгы буга чейин ачык айтылбаганы менен Саймаитинин өлүмүн айрымдар Матраимовдордон көрүп жүрсө, акыркы мөөнөттөрдө аттуу-баштуу саясатчылардын аты айтылмак тургай видеотасмалары чыгууда.
Булак: NazarNews.kg