www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Meн aл объектиге жаңы эле кароолчу болуп орношком. Мурун жаңы типтеги салынган үйдү кайтарчумун. Ага караганда бул жак тынч экен, кайтара турган деле эч нерсеси жок, болгону кирпичтери тургузулган беш кабат үй. Аны айланта убактылуу темир шыйпыр дубалдар менен тосуп таштаган. Мурунку иштеген жеримде кирип чыккан машинелерге “шлагбаумду” ачып-жаап атып тажап кетчүмүн. Бул жерде бир да адам жок, жападан жалгыз өзүммүн. Биринчи кабатында ошол үйдүн ичинде кичинекей атайын биз үчүн салынган бөлмө бар, ошондо отурабыз. Биринчи кабат демекчи, анын астында дагы чоң жер төлөсү бар.

Арадан беш-алты күн өткөндөн кийин бешинчи кабатка чыгып жер телесүне чейин бүт текшерип карап чыктым. Эч нерсе жок, баары аңгырап ээн. Мындайча айтканда, кайтара турган деле эч нерсе жок. Сыягы, үй-жайы жоктор ошол жакты өздөрүнүн жатагына айлантып алышпасын, же ары-бери өткөндөр аны ажаатканага айлантпасын дешкен го. Чынында төмөн түшүп жер төлөсүнө кирсең, ал жакта эмнелер гана жок, эски-уску кийимдер, ар кандай эски буюмдар чачылып жатат.

Сыягы, үй-жайы жоктор мурун чын эле бул жерде жашашса керек деп ойлоп койдум. Анткени бул үй курулбай токтоп турганына көп жыл болуп калыптыр. Угушумча заңгыраган чоң үйгө чет элдиктер да кызыгышса керек, бирок айнып калышыптыр, эмне себептен алгысы келбей калышты белгисиз.

Жер төлөсү да ушунчалык кенен, бирок ал жакта жаткан ар кандай эски-уску дүнүйөлөрдүн жытыбы, айтор дайыма жагымсыз жыт, анан көрүнүш болуп турат. Бир жагынан коркунучтуу дагы көрүнөт. Бурчта эски картон коробкалар жыйылып турат, ал эмне болгон коробкалар экенине анча жумуш жок болгондуктан, кээде бир сыйра кыдырып карап коём, Ошол жер төлөдөгү коробкаларга адегенде көңүл деле бөлбөй жүргөм.

Анан эле өзүнөн-өзү көңүлүм белүне баштады. Анткени бир караганда тизилип жыйылып турган болчу, кийинки жолу байкасам башкача болуп жыйылып калыптыр. Атайын басып барып коробкалардын ичин кызыгып карадым, анын ичинде эмнелер гана жок, эски-уску чүпүрөк-сапырактар, сынган оюнчук буюмдар, кийимдер, кадимки эле калаанын тээ төмөн жагындагы талаадагы таштанды буюмдардан айырмасы жок. Бул жакка кимдер алып келишкенин билбейм. Машине болгондо ушулардын бардыгын жүктөп туруп ошол жакка жөнөтүшүбүз керек болчу.

Ушундай апырык-сапырыктардан ал жакка тушкүм да келбейт. Кез-кез кара мышыктардын жат-канын көрүп калам, мен киргенде бардыгы былк этпей менин ар бир кыймылыма кунт коюп карап калышат да, жакындаганда дүргүшүп туш тарапка чачырап качып кетишет. Менимче жети-сегиздей болот болуш керек, баары тең окшош капкара.

Үстүнөн биринчи кабаттан алардын бирин дагы көрбөйсүң, сыягы жер төлөнүн кичинекей терезелеринен кирет болуш керек.

Бир жолу кызык окуя болду. Кокусунан эки-үч келемиштердин тепкичтер аркылуу жер төлөгө чуркап кирип баратканын көрүп калдым. Анан мышыктардын чыркыраган үндөрү утулуп калды, Дароо ошол жакка "жөнөдүм, тепкич менен төмөн карай түшүп барсам, Кудайым жамандыктын бетин көргөзбөсүн, келемиштер аябай кебөйүп кетиптир.

Буга чейин бир дагы келемишти көргөн эмесмин. Баарынан таң калычтуусу, алар алиги кара мышыктарга чабуул жасап жатышыптыр. Мышыктар менен келемиштер кадимкидей кармашып жатышат.

Кара мышыктар өздөрүнө жакындап келатышкан келемиштерди баса калып тиштегилеп, тырмактары менен чапчып ыргытып жиберишүүдө. Келемиштер дагы кыйын экен, өздөрүнөн мышыктар бир топ чоң болуп турушса дагы коркпостон тике качырып кол салышууда. Мен ордумда былк этпей катып калдым. Мышыктарга караганда келемиштер бир канча эсе көп экен, анан кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз дагы көбөйө башташты.

Мен чыдай албай кетип болгон күчүм менен бакырдым эле мышыктардын бардыгы келемипггерден секирип-секирип өтүп кетип жер төлөнүн кичине терезелеринен сыртка чыга качышты. Ал жерди келемиштер ээлеп калышты. Алардын менден коркчу түрү жок, мага көңүл дагы бурушпай картон коробкалардын ичине кирип чыгышып, бир нер-елерди издеп жүрүшөт, Мен жакындасам менден качышпай кайра айбат берип атышпайбы. Тескерисинче аларга мен өзүм даай алган жокмун.

Үстүнө көтөрүлүп чыгып келип, эми мага кол салышпаса экен деп өзүм дагы сары-санаа боло баштадым. Бирок бир да бирөөсү үстүнө көтөрүлүп чыккан жок. Арадан эки-үч күн өткөндөн кийин алардын эмне болуп атканын билмекке атайын төмөн карай түшүп бардым. Баягыдай быжыраган келемиштер жок, ар кайсы жерден картон коробкадан баштарын чыгарып, кайрадан жок болуп кеткен бирин-серин эле келемиш калыптыр. Ал эми кийинки жолу барсам, бир дагы келемиш калбай калыптыр. Сыягы, бул жак аларга жакпай башка жакка оошуп кетишсе керек. Көп өтпөй эле жер төлөдө кайрадан алиги кара мышыктар пайда болушту. 

Мен ал кара мышыктарга көнүп, алардан чочулабай деле калгам. Мени чочулаткан дагы бир окуя болуп кетти. Түнкү саат он экилерден өтүп калган маалда жер төлөдөн катуу бакырган аялдын үнү угулуп кетти, Караңгылыкта төмөн карай түшкөндөн чочулап турдум. Балким, ал жакта чын эле үй-жайы жок аял кирип алып келемиштерге таланып жатабы деген да ой кетти. Кол фонарикти алып аны жарык кылып, тепкич менен акырын төмөн карай түшүп бардым.

Көзүмө бою жапалдаш келген жылаңач кичине балдар темир коробкаларды ары-бери ташып ойноп жатышыптыр. Мен жарык кыларым менен эмнегедир алар көздөн кайым болуп кетишти. Артка кетенчиктеп артым менен жогору көтөрүлө баштадым. Кайра кандай болуп ордума жеткенимди билбейм. Эртеси күнү сменщигим келгенде, экөөбүз төмөн карай түшүп бардык. Эч кандай шектүү нерсе жок. Ал мага ишенбей койду.

- “Коркконго кош көрүнөт” болуп көзүңө ушундай керүнүп кетти да, - ал мени шылдыңдап башын чайкады. Ошондон кийин ага эч нерсе айтпас болдум, бирок кез-кез төмөн карай түшүп барганда, дайыма картон кагаздардын ордунан жылып башка жакка жыйналып калганын байкайм, Буга чейин бул сырдуу көрүнүштү эч кимге айткан эмесмин. Жарым жылдан кийин башка жакка которулуп кеттим. Менин ордума барган жаңы күзетчү бул сырдуу кубулушту байкадыбы билбейм. Чочулабасын деп ага атайын айткан жокмун. Кыскасы, алты ай ичинде жер төлөдөгү ушундай окуяларга, көрүнуштөргө күбө болгом. 

Бул тууралуу Кадыр Сайпидиновдун "Шамбала" гезитинен NazarNews.kg маалымат агенттиги алып, шилтеме жасады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости