www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен жылда кыш мезгилинде өзүмдүн менчик КАМАЗ машинем менен Минкуш тараптан Кочкор, Көл, Чүй тараптарга көмүр ташыйм. Көмүрдү сатып жиберип эле кайра Минкуш тарапка жөнөйм. Ар кандай ишканаларга же үйлөргө таратып берем. Бул мезгилде үйгө түнөмөй жок, мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу керек. Карызга деле бере берем кийинки келгенде акчасын чогултуп алам. Айтор ушинтип үй-бүлөмдү багып күн көрүп келем. Жанымда таякемдин баласы бар, экөөбүз алмашып, алмак-салмак айдайбыз. Кээде ал үйүндө калып калат, өзүм жалгыз деле айдап кете берем. Кээде мен калып калсам ал деле жалгыз айдап кете берет. Негизи быйылкы кыш суук да, катуу да болду, жаабаган жерлерге кар жаады. Дегеле кышында кар жаабаган кара Кочкорго да кар түшүп калыптыр тобо.

Демейдегиден бүгүн Минкуш тараптан кечирээк чыгып кеттим. Кезегим жеткенче ушул болуп калды окшойт, өзүм дагы кеч келген бул жакка. Шеригим болсо конокко кетип, өзүм жалгыз эле адаттагыдай келе бергем. Миңкуштан чыкканда эле айланага күүгүм кирип кетти. Дегеле караңгыда чыкчу эмесмин, Кызартта эжем бар болчу, эптеп ошолорго жетип алып, анан эртең менен андан ары чыгып кетүүнү чечтим. Анын үстүнө бул жолкусунда көмүрдү мурункудан оорураак кылып алыптырмын. Машинем араң тартып келатат. Эки-үч айылдан өтүп ээн талаа менен кетип баратканда машинем тарта албай барып, өзүнөн өзү таркырап, ордунан жыла албай калды. Анын сырын жакшы билчүмүн, эмнеден кеткенин дароо эле сездим. Сырт суук болчу, өзүм менен кошо ала жүргөн паяльникти дүрүлдөтүп жагып койдум да машиненин алдына сойлоп кирдим. Ачкычтардын баарын өзүм менен алыбалып, алдындагы дайыма чыгып кетчү жерин кайрадан бекиткенге аракет кыла баштадым. Чыгып кеткен жерин ордуна коё албай бир топ убара болдум. Шеригим болгондо экөөлөп арыдан бери сала коймокпуз. Анын үстүнө ары-бери өткөн машине да жок, токтотуп жардамдашып кой дейин десем, бирок караңгыда ким токтомок эле мага. Машиненин алдына чоң фонарды жарык кылып күйгүзүп койгом. Ары жактан болсо паяльник дүрүлдөп күйүп атат. Машиненин алдында чыгып кеткен жерди тага албай кыйналып жатсам жашы төрт-бештерге келип калган жаш өспүрүм бала келип эңкейип менден сурап жатпайбы.

-Байке, эмне кылып жатасың, машинең бузулуп калдыбы?

-Ооба, көрбөй турасыңбы балакай, бобул чыгып кетти байкең барбы чакырчы.

-Байкем жок да...

-Кимиң бар жардам бергенге чакырчы?

-Чоң энем бар, мен жардам, бере аламбы?

-Жок.

-Мына мобул жер, кап айя сенин ордуңа чоң киши болгондо... -- өзүмчө кейип алдым эле бир кезде чыгып кеткен жерим туура келип калды. Дароо шруп, болтторду беките койдум. Мен ачкыч менен чыгып кеткен жерди катуу бекем кылып бурап бүткөнчө, алиги бала ар нерселерди сүйлөп отурду. Бул жак менен алаксып жатып аны караганга да мүмкүнчүлүк болгон жок, Бир жалт этип караганда ак кийинген өспүрүм бала отурган. Жакын жерде айыл же сарай бар экен деп ойлоп койгом. Ишим бүткөндө баарын чогултуп ордуна сала баштадым. Сыртка чыкканда алиги бала кетип калыптыр. "Ие мейли, азыр буларымды салып алайынчы", - деп бардыгын жыйыштырып салып, айланама көз жүгүрттүм. Сарай турмак эч нерсе көрүнбөйт. Өзүмдүн анча алыс эмес жерде дүпүйгөн караандар турганын көрүп, ушул үй болуш керек деп ошол жакка басып бардым. Жакын келгенде жүрөгүм "болк" дей түштү. Күмбөздөр экен, келме келтирип кайра артка кеткенге шаштым. Машинемди дароо от алдырдым дагы ордуман жылып жөнөдүм. Адегенде катуу бир коркуп алдым, анан кайра ойлоп койдум "тигил маркумдардын арбактары мага көмөк берди окшойт, болбосо тигини өзүм жалгыз сала албайт болчумун. Алиги өспүрүм бала келгенде жеңил эле салынып калды". Машинемди айдап кетип баратканда жолдон топтошкон карышкырларды көрдүм. Алиги бала мени ушулардан коргоп калды окшойт, болбосо...

Кийин күндүзү ошол мүрзөлөрдүн тушунан көп эле өтүп жүрдүм. Өткөндө токтой калып куран окуп өтөм. Бирок ошондон   кийин   жалгыз  түнкүсүн алыс сапарга чыкпай калдым.

Өмүрбек Бекбоев, Жумгал району

Булак: Шамбала

Последние новости