www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Караңгы түн. Жолдо машинени зуулдатып айдап, Эркинай, Исмаил, Рахат жана Бекжан келатат. Рулда Бекжан. Төртөө 4 күн бою көлдө балыктарга окшоп суудан чыкпай, сүзө берип чарчаган. Бекжан араң эле көзүн ачып, жолду карап бара жатат. Аркадагы олтургучта Исмаил менен Эркинай баштарын бири-бирине жөлөп уктап баратышат. Ал эми Бекжандын жанында Рахат көзү ирмелип бараткандыктан музыканын үнүн бийиктетти. Бекжанга алыстан көк бир деме көрүнгөндөй болду. 50 метр жүргөндөн кийин газды катуу басты эле, машиненин ичиндегилердин баары ойгоно калды.
- Эмне болду? - деп шашкалактап Исмаил сурап калды.
- Тынчылыкпы?.. - деп Эркинай сөзгө кошулду.
Бекжан болсо үн-сөзсүз, нес болуп туруп калды.
Эшикти акырын ачты да, 5 мүнөттөн кийин Бекжан машиненин алдына өттү. Жерде адам эмес, көк жоолук жатат. Аны эми алып карайын десе шуулдап адам сыяктуу жан Бекжанды айланчыктап бир саамга токтоп, катып калды. Бекжан көргөн көзүнө ишенген жок. Анткени, маңдайында 2 жыл мурунку сүйлөшкөн кызы турган эле. Турганда да жерде эмес, асфальттан 30 см өйдө көтөрүлүп, буту жерге тийбей турат. Өзүн жоготуп жаткан Бекжандын денесин дароо калтырак басып, оозуна келмеси келбей калды.
- Салам, Бекжан! Сенин акыбалыңды абдан жакшы түшүнүп турам. 2 жыл мурун мен сага боюмда бар экенин айтканда, сен мени шок абалда калтырып кеткенсиң. Анткени мен... Бири-бирибизди түбөлүк сүйүп өтөбүз деп ойлочумун. Сенин мага болгон сезимиң ак, махабатың аруу, таза деп ишенгем. Бирок, андай болгон жок.
- Самарррааа... Сен кайдан?.. Америкада эмес белең?..
- Ха-ха-ха, кайдагы Америка?.. Кайдагы?..
- Самара, мен эч нерсени түшүнбөй турам. Бала кайда?
- Кайсы бала? Эгер билсең мен ошондо сени жөн гана сынагам. Менин боюмда жок болчу, Болгону мен сенден тунук сезим, аёо мамиле, сенин көңүл буруп, мени түшүнуп, сыйлооңду эле каалагам. Балалуу болобуз деген сөз үчүн мени таштап кеттиң... Билесиңби, сендей акмактардын айынан канча деген наристе жарык дүйнөгө келбей, эне жатынында бул дүйнө менен кош айтышып жатат. Ал эми апаларынын көз жашын эми айтпай эле коёлу... А менин эң жаман көргөн нерсем мына ушул, Мен сендей жигиттерди жек көрмөк турсун, өлтүргүм келет!
- Токто!.. Токто!.. Самара өзүңө кел!
Бекжан түшүнөн "Самара!.. Самара!" деп чоочуп ойгонуп кетти. Бекжан көргөн түшүнө таң калып, бир саамга ойлонуп калды. Көрсө, бул эскертүү эле. Анткени, кечээ Бекжан Самара менен жолукканда чын эле боюнда болуп калгандыгын айтканда, Бекжан аркасын салып, колун шилтеп, басып кетип калган эле. Бул түштөн кийин Бекжан ойлонуп төшөгүнөн так секирип, туруп эле сыртка жөнөп кетти. Көчөдө Бекжан ары ойлонуп, бери ойлонуп басып баратты. Эми ал кандай чечим чыгарат, сүйлөшкөн кызына барабы, же барбайбы мунун баары табышмак эле...
Автор: Таңсулуу Ахматова
Булак: NazarNews.kg