www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы кыргызстандыктарга эртеңки – 2020-жылдын 4-октябрында өтүүчү Жогорку Кеңешке карата шайлоого карата старт бергени - парламентте канча жылдан бери ал жактын “кумарын” татып алган карт бөрүлөр көнгөн адат боюнча кезектеги саясий-шахматтык жүрүштөрдү жасоого киришти.
Бирок, азырынча ал тууралуу так маалыматтар ачыкка чыга элек болгону менен Kaktus.media буга чейин кайсы депутат кайсы партиялардын канатында күн көрүп, ал партиялардын ичээр суусу түгөнгөндө кайсы партияларга секире качышканы тууралуу кызыктуу инфографика жарыялады.
Андагы маалыматка ылайык, парламенттин азыркы – VI чакырылышында олтурган депутаттардын 31,6%ы же 120 депутаттын 38 депутаты буга чейин ар кандай партияларга “тийип-чыгышкан”. Алардын эң эле көп “саясий эмелери” катары төмөнкү депутаттар аталган:
Каныбек Иманалиев бул багытта рекордсмен. Ал депутатыкка келүү үчүн буга чейин 4 партияга кирсе, азыркысы – “Ата Мекен” 5-партия катары саналат. Алгач ал 2005-жылы “Демократиялык күчтөр союзу”, 2007-жылы “Туран” партиялары менен Жогорку Кеңешке чап салганы менен алардан жолу болбой, акыры 2010-жылы “Ар-Намыс” партиясына жабышып жүрүп максатына жетет. 2015-жылдагы шайлоо алдында алгач “Замандаш-Современник” партиясы аркылуу кадам таштаганы менен шайлоого аз калганда “Ата Мекенге” илеше калып мандат алган. “Замандаштын” өтпөй калаарын алтынчы туюму сигнал берген го чамасы.
Андан кийин азыркы “бирболчу” Акылбек Жапаров турат. Ал 1993-жылы КСДП, 2000-2005-жылдары “Демократиялык күчтөр союзу” партияларынан бактысы ачылбай, 2010-жылы бул да “Ар-Намыска” чиркешип жүрүп парламентке келип калат. Ал эми 2015-жылы Атамбаев тарабынан шашылыш түзүлө калган, жалаң капчыктуулардын командасын түзгөн “Бир Бол” партиясына кире качып, кайрадан ЖКга келүү мүмкүнчүлүгүн алган.
Дастан Бекешев - бир мезгилдери жаштардын катарын толуктап, жаштарга берилчү квотанын арты менен алгач, 2010-жылдагы шайлоодо “Ар-Намыс” аркылуу парламентке келсе, 2014-жылы “Ак-Ниет” партиясына өтөт. Бирок, юрист эмеспи, нары-бери жагын карап, терең анализдегенби, айтор, бир жыл өтпөй, тагыраагы, 2015-жылкы шайлоодо бийликчил КСДП партиясын көздөй “сызган”.
Ал эми Динара Исаева эжекебиз бул “тармакта” эң эле жолдуу депутаттардын бири. Айтпасак да белгилүү, эжекебиз Бакиев менен бирге качып кеткен Данияр Үсөновдун жубайы. Убагында бул үй-бүлөнүн айтканы айткандай, дегени дегендей болуп турган. Жолдошу Үсөновдун башынан бакыт тайыганы менен эжекебиз дагы деле парламентте. Үч партияга “тийип”, үчөөндө тең “бактысы ачылган”. Алгач Жогорку Кеңешке Бакиевдердин “Ак-Жолу” менен келсе, ал кеткен соң, айтылуу “Бригада” мүчөлөрүнүн партиясы саналган “Ата-Журт” партиясына учкашып кайра келет. Убагында аталган фракциянын лидери Камчыбек Ташиев Исаеваны Жогорку Кеңештен кетирем деп, бирок ордунан да козгой албай койгон. Кийин, 2015-жылы кайрадан эле ошол, бирок, Бабановдун партиясынын (балким Бабановдун өзүнүн) арты менен “Республика – Ата-Журт” менен үчүнчү ирет парламентке келүү мүмкүнчүлүгүн алган.
Улан Примов – башкасын айтпаганда да ушул ай башы кичи мекени Гүлчөгө 9 миллион сомдук арка, андан көп өтпөй эле милициякана салып берип коомчулук тарабынан талкууда калган депутат Улан Примов алгач, 2010-жылы “Ата-Журтка”, андан соң, 2014-жылы “Республикага” тиет. Ошол экинчисинин арты менен 2012-жылы Ош шаардык кеңешке экинчи ирет депутат болуп шайланып барат. Бирок, негедир 2015-жылы бийликчил КСДПга өтө качат да, акыры ал аркылуу азыркы мандатына жетип жаны тынат.
2007-жылдагы шайлоодо ал кездеги бийликчил саналган “Ак-Жол” партиясы аркылуу парламентке биринчи ирет келген Азизбек Турсунбаев жыйындар залынын эң артында олтуруп, алгачкы жылдары мыйзам жазмак түгүл, сөз сүйлөй албай жүргөнү менен кийинчерээк тоодой бактысы ачылып, вице-спикерликке секирик жасаган. Ал эми 2015-жылы биринчи "Бир Болго" “баш кошкону” менен негедир ошол эле жылы кайра айнып, “Кыргызстанга” кетип калган. Дегенибиз менен ал шайлоодо “Кыргызстанга” эң көп добушту дал ушул Турсункулов алып берген.
Бакыт Төрөбаев – Атамбаевдин “дарысынын” күчү менен Бабановдун “Республикасынан” “талак алып”, 2012-жылы өзүнчө “Өнүгүү” партиясын негиздейт. Ага чейин Бакиевдердин “Ак-Жолунда” ак кызмат кылып, алгачкы ирет Акүй босогосун аттаганы бар. Алар кеткен соң, 2010-жылы Өмүрбек Бабановдун партиясына жабышып жүрүп, экинчи ирет парламентке келет. Ал эми 2015-жылы ага өзүнүн “Өнүгүү-Прогресси” менен үчүнчү жолу депутат болуу энчиси тийет.
Дал ушундай эле, коендой окшош саясий “доңкумай” “Бир Бол” партиянын лидери Алтынбек Сулаймановдун да биографиясында жазылды. Ал алгач Төрөбаевдей эле “Ак-Жол” менен Акүйгө кирген болсо, 2010-жылы “Республика” аркылуу депутат болот. Ал эми ошол эле жылы алгач “Бир Бол” либералдык-демократиялык партияны негиздеп, кийин, тагыраагы, 3 жылдан соң эми “Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы” деген аталышта кайрадан каттоодон өткөн да, 2010-жылы бу да Бабановду “пошел” деп өзүнүн партиясы менен үчүнчү ирет парламентке келген.
Ал эми аты-жыты эч кимге белгисиз Абдумаджит Юсуров деген учурдагы “өнүгүүчү” депутат да билинбей эле үч партияга “тийип-чыкканга” үлгүрүптүр. Алгач “Ак-Жол”, андан соң “Содружество”, акыркысы мандат алып берген “Өнүгүү-Прогресс” болуп калат экен.
Булак: NazarNews.kg