www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Шибегени капка ката албайсың» дейт элибизде. Мурдагы УКМКнын төрага орун басары Болот Сүйүнбаев буга чейин коррупцияга, контрабандалык жүктөргө шектелип келсе, жакында анын диплому жасалма маанисинде ЖМКларга кабар тарады.
Эгерде Сүйүнбаев ак болсо, ошол эле коррупциялык, уурулук, контрабандалык иштерин жокко чыгарбайт беле? Эмне үчүн бир ооз сөз айтканга жарабайт? Себеби, духу жетпейт! Эми жасалма диплом аркылуу УКМКга орун басар болгону ашкереленсе, анда буга чейинки айлык акылары, кызматтык чини, ж.б. жетишкендиктери боюнча мамлекеттик мыйзамдардын астында жоопко тартылат.
Артынын баары «шакмар» болуп атса, кайсы абийири менен Финполго жетекчи болуп дайындалды? Мындай шумпайлар мамлекеттин куттуу жеринде бир күн отурууга да акысы жок экенин эскертмекчибиз.
Кызыгы, Болот Сүйүнбаев легеңдарлуу Ахматбек Сүйүнбаевге тууган эмес экени, атактуу инсаныбыздын атын «самозванец» катары пайдаланып жүргөнүн жакын туугандары кеп кылууда.
Кыскасы, бул орус кейпиндеги жансакчы боюнча алдыда далай компраматтар чыкканы калды...
Булак: Азия ньюс