www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскер прокуратурасы журналист-иликтөөчү Болот Темировдун командасынын мүчөсү тартылган видеонун негизинде иш козгоодон баш тартты. Эми баш тартуунун мыйзамдуулугуна сот баа берет. Бул тууралуу Темиров өзү билдирди.

Бүгүн, 8-июнда, Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Темировдун Live командасынын мүчөсүнүн арызын карайт. Буга чейин социалдык тармактарда аны менен тартылган видео тараган. Мындан тышкары, компаниянын документтеринин монтаждалган видеосу жана Темиров менен анын жубайынын сүйлөшүүсү жайылган.

"Аскер прокуратурасы кыз менен болгон интимдик видеону тарткан адамга карата кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Ал кыздын ишенимине кирип, ата-энесине белек берип, андан соң анын абийирине шек келтирип, видеону ачыкка чыгарып, өзүнүн жүзүн жашырып койгон", - дейт Темиров.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда команданын бир мүчөсү катышкан интимдик видео тараган.

 

Последние новости