www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда үч жаңы облус түзүлдү

Казакстанда бүгүн, 8-июнда президент Касым-Жомарт Токаевдин 3 жаңы облус түзүү жөнүндөгү жарлыгы күчүнө кирди: - Борбору Семей шаары болгон Абай облусу; - Борбору Талдыкоргон шаары болгон Жетису облусу;

- Борбору Жезказган калаасы болгон Улуу-Тоо (Улытау) облусу. Ошондой эле Алматы облусунун борбору болгон Капчыгай (Капшагай) калаасы Конаев деп өзгөртүлдү.

Азыр өлкөдө расмий түрдө 17 облус жана республикалык маанидеги 3 шаар бар. 

Буга чейин 3-майда Токаев өзүнүн жарлыгы менен Капшагайдын атын Конаев деп өзгөртүп, 4-майда аны Алматы облусунун облустук борбору кылып, курамынан Жетисуу облусун Талдыкоргондогу административдик борбору менен бөлүп койгон.

Ошондой эле, мамлекет башчысы ушул эле жарлык менен борбору Семей шаарында болгон Абай облусун Чыгыш Казакстан облусунан бөлүп, ошондой эле борбору Жезказган шаарында жайгашкан Улуутау облусун Караганда облусунан бөлүп чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости