www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы менен маек. Өт – адамзаттын организминдеги орчундуу орунду ээлейт. Башка оорулар сыяктуу эле өт ооруларынын да жылдан жылга саны өсүп, жашарып баратканын дарыгерлер белгилеп айтып келишет.

Буга сапатсыз азыктар жана ар бир күнү эскирген канализациялар аркылуу келген сууну ичкенибиз да себепкер.

-- Өтүндө ташы бар бейтаптар башка оорулар сыяктуу эле тез-тез бизге кайрылып турушат. Көбүнчө адам өтө майлуу, куурулган же ачуу тамактарды көп жеп-ичкенде, өт баштыкчасында пайда болгон таш жылып, өт жолдорун бүтөп калат.

Ошондо боордо иштелип чыгарылган суюктук агып чыга албай, боордун өзүн шишитип, чоңойтуп жиберет. Андан тышкары, акпай туруп калган өт суюктугунда инфекциялар көбөйүп, өт баштыкчасын ириңдетет.

Ириңдегенден улам өт баштыкчасы жарылып да кетет. Мындан сырткары, ириңден өттүн, боордун тегерегинде жайгашкан органдар: ашказан, уйку бези, он эки эли ичеги да сезгенип, ооруй баштайт. Нерв, кан аркылуу бүт дене ууланат.

Акырындап өт баштыкчасындагы майда таштар түтүкчөлөр аркылуу өт жолдоруна таркап (боордун ичиндеги жолуна да кирет), суюктугу денеге тээп, тери саргаят. Эгерде дарылабаса, оору кайталанып жүрүп отуруп, акырында рак оорусуна айланып кетиши мүмкүн.

Ошондуктан оорунун өтүшүп кетишине жеткирбей операция жасалганы жакшы. Эгерде операция кеч жасалса, анда запкы тарткан органдардагы оору ошол бойдон кала берет. Мисалы, өттөгү таштын айынан уйку бези, боор ооруга чалдыкса, ал оорулар ошол бойдон кала берет.

Андыктан, башка органдарга оору тарай элегинде операция жасатуу – оорунун күчөп кетпешинин алдын алат. Элдик рецепт · Ар күнү эртең менен ачкарын 1 лимонду кабыксыз эт туурагычтан өткөрүп, жарым чай кашык сода кошуп, 3 күн катары менен ичүү керек.

Бул ыкма өттөгү ташты түшүрүүгө жардам берет. · Оливка майы менен дарылоо да өз натыйжасын берет, тактап айтканда, өттөгү таштарды майдалоого жардамы чоң. Күн сайын уктаар алдында аш кашык менен майды ичүү зарыл, андан кийин 0,5 литр лимон согун ичүү керек.

Дарылоо учурунда өсүмдүк диетасын кармануу кажет. Мында белгилеп кетүүчү нерсе, алкоголь ичимдиктерин ичпөө, тамеки чекпөө, кофе, жумуртка, ичти көптүрө турган тамак-аштарды пайдаланбоо талапка ылайык.

Булак: Азия News гезити

Последние новости