www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Коргоо министрлиги "өлкөнүн учкучсуз аппараты Ооганстандын аба мейкиндигин бузганы" тууралуу "Спутник" агенттигинин маалыматын четке какты.

"Өзбекстандын Аскер-аба күчтөрү кошуна мамлекеттердин аба мейкиндигин бузган жок. Коргоо министрлигинин учкучсуз, истребителдик жана чабуулчу учактары так белгиленген тартипте күжүрмөн нөөмөттө турушат", — деп айтылат 1-май күнкү расмий билдирүүдө.

"Спутниктин" ооган кызматы өзбек армиясынын "Байрактар" үлгүсүндөгү учкучсуз аппараттары Мазари-Шариф шаарынын үстүнөн учканын 30-апрелде жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости