www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, иш сапары учурунда ал Балыкчы, Каракол шаарларындагы, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Түп, Ысык-Көл райондорундагы билим берүү уюмдарына барып, педагогикалык жамааттар, облустук, райондук, шаардык жана айылдык жетекчилер, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, көйгөйлүү маселелерди талкуулады.
Жолугушууларда авариялык мектептер, курулушу башталбай жаткан же токтоп турган объекттер, талашка түшкөн имараттар, эскирген эмеректер, жетишсиз компьютерлер, ички мазмуну жана сапаты талапка жооп бербеген окуу китептери, башталгыч мектептердеги ашыкча түйшүк жараткан отчёттук документтер ж.б. тууралуу маңыздуу кептер айтылды.
Ошондой эле облустун билим берүү жаатындагы жетишкендиктери, өрнөк алчу жактары жөнүндө сөз болду.
Булак: NazarNews.kg