www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдагы кабминдин алгачкы жыйынында «Кумтөрдү» тескеп турган Тенгиз Бөлтүрүк «эски карышкыр» Жапаровго 2021-жылдын жыйынтыктары боюнча отчет берди. Жапаров Акылбек акылына келип элди жоошуту максатында эмне үчүн баа көтөрүлүп жатканы тууралуу финансы-экономикалык жыйынтык чыгарып доклад окуду.

 Кокус эми эл козголо турган болсо, анын кылып жаткан иштери үчүн  эки кулагына тең “бирка” бастырмайын кетирбеши чындык. “Кыргызалтындын” өзүнүн мамлекет башчыларына 300-400 миллион долларлык ставкасы бар. Бул Акаевден бери келаткан жөрөлгө. Азыркы бийлик буга көңүл бурууга чамасы жок. Азыр «Кыргызалтында» Акылбек Жапаров менен Бөлтүрүктүн түкүргөн түкүрүгү жерге түшпөй турган убагы.

“Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” ким бийлик башына келсе куда-сөөк боло калып, капчыгын калыңдатып, инилерин чоң мансапка жетелеген Жапаров Акылбек деген бар. Жээнбековдор менен куда болгону калганда ал бийлик кулап, Садыр Жапаровго кеңешчи боло калган. Аны майлайм деп бир-топ күн жоголуп кетип, аз жерден мамлекет башчысынын каарына калып кала жаздаган. Президентке кеңешчи болор менен бир инисин “ГСИНди” тейлетип көзү тойгон жок. Жапаров Акылбек инисин таластыктардан 240 миң долларга сатып алып, өзү аз жерден кулагына “бирка” бастыра турган убак артта калган.

Жапаров Акылбек “Кумтөр” боюнча комиссияны жетектеп, “Кыргызалтынды” чамгарактатып өзү билип, өтүгүн төргө илип калган. Бул “ырыскыны” чамасы башка бирөөлөр кыйтыңдатып жаткандай. Өткөн жылы, “Кыргызалтын” акционердик коомун холдингге айлантабыз деген жыландын тили соймоңдоп чыга баштады. Албетте, бул жерде «Кыргызалтын» акционердик коомунун миллиардаган мүлкү жатат. Акылбек Жапаровдун «ал» деп койсо, жамбашын үзө тиштеген овчаркадай «99» наамында «Кыргызалтындын» менеджери бар. Азыр «Кыргызалтында» «99»дун түкүргөн түкүрүгү жерге түшпөй турган убагы.

Тажик-кыргыз мамилеси бузулган мезгилде Жапаров сак-сактап УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди жамандатып, «жаанын огун» ошол жакка бургандай. Кыргыз элинин чек арасын чечип, алуу үчүн өз ден соолугуна карабай чапкылап жүргөн Ташиев ар кандай ушак-айыңдардын капшабына кабылып турат. Чек ара маселесин чечүүдө чыккан Баткен чатагына эл күйүнүп жатса, Акылбек Жапаров инисин УКМКга төрага кылам деп сүйүнүп жүргөн. Анткени, ар кандай ушак-айыңдан тажаган Камчыбек Ташиев “Урдум байдын кызын” деп партиясын жетектеп кетип калышы мүмкүн.

Карапайым эл каңырыгы түтөп жашап жатканда, Кумтөр алтын кенинен 150.000 -200.000 доллар маяна алышкан кыргызстандыктын ысымдары булар:

Касенов Дүйшөналы Рахимович, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин 200 миң доллардан маяна алып келет.

Тенгиз А.У. Бөлтүрүк, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин 200 миң доллардан маяна алып келет.

Ибраев Карыбек Эмилжанович, 2010-жылдын 19-августунан 2014-жылдын 8-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Ниязбек Алдашев, 2011-жылдын 23-июнунан 2012-жылдын 22-июнуна чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Шакиров Кылычбек Абидинович, 2013-жылдын 31-июлунан 2016-жылдын 17-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Садыров Калинур Алымбекович, 2014-жылдын 8-майынан 2016-жылдын 10-мартына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Орозбаев Эмилбек Мусинович, 2014-жылдын 8-майынан 2016-жылдын 10-мартына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Сагынов Бектур Өскөнбаевич, 2016-жылдын 10-мартынан 2019-жылдын 1-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Кубатов Эдуард Жумакадырович, 2016-жылдын 10-мартынан 2019-жылдын 1-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Кыштобаев Нурлан Жумабекович, 2016-жылдын 17-майдан 2018-жылдын 1-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Өскөмбаев Аскар Кубанычбекович, 2018-жылдын 1-майынан 2020-жылдын 4-декабрына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Көбөнбаев Максат Шайлообекович, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин 200 миң доллардан маяна алып келет.

Жогоруда аты аталган баатырлар 2010-жылдан кийинки кыргыз президенттери менен премьер-министрлеринин кызыкчылыктарын көздөгөн жана алардын сүрөмөсү, жөлөп-таяшы менен ушундай кызматтарга жана маяналарга жетишишкен.

 

Кыргызстан "Кумтөрдөн" 10 миллиард доллардын тегерегинде пайда көрө алат. Бул тууралуу учурунда Акылбек Жапаров парламенттик комитеттин жыйынында билдирген: "Депутаттык комиссиянын Центерра Голд компаниясына койгон доосу 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар. Анын 3 миллиард 86 миллионун экологиялык жоготуулар, 1 миллиард 166,5 миллиону салык түзөт. Мындан сырткары казылып алына элек 106 тонна алтынды мамлекеттин карамагына кайтардык. Жакын арада аталган алтынды кыргыз өлкөсүнүн менчиги деп тааныган мыйзам долбоору кабыл алынат деген үмүттөмүн.

Президенттер, премьер-министрлер буга чейин Кумтөр, Жер үй сыяктуу кендерди сатып келишкен. Алгачкы жолу биздин өлкөнүн депутаттык комиссиясы 4,252 миллиард доллар доо коюп, 106 тонна алтынды өлкө капчыгына кайтарып жатат. Бул алтынды жакынкы 5-10 жыл аралыгында казып алууга мүмкүн. 106 тонна алтындын баасы 5 миллиард доллардан ашык акча болот. Жыйынтыктоочу сумма 10 миллиард доллардын тегерегинде болуп жатат. Өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде биз бул каражаттын бир бөлүгүн азыр өндүрүп, калган бөлүгүн казып ала алабыз. Муну биз соттон далилдеп, баарын ачык көрсөтүүгө кудуретибиз жетет", - деген минкаб жетекчиси учурунда парламентте сайрап жатып. 

"Кумтөр" алтын кенин иштеткен Канаданын Центерра Голд компаниясы 26 жыл ичинде кыргыз өкмөтүнө 4 миллиард доллардын ордуна болгону 1 миллиард 700 миллион доллар төлөгөн. Бул тууралуу да  Акылбек Жапаров парламенттик комитеттин жыйынында билдирген. Анын айтымында, канадалык компания маалыматтарды манипуляциялаган.

"Депутаттык комиссянын бүтүмүнө ылайык, Центерранын сайтында жарыяланган маалыматтар бурмаланган. Ал жакта компания иш жүргүзүп баштагандан бери 4 миллиард долларды кыргыз өкмөтүнө которгондугу белгиленген. Бирок, иш жүзүндө 26 жыл ичинде болгону 1 миллиард 750 миллион доллар, тактап айтканда 2 жарым эсе аз каражат которгон", - деген Жапаров.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости