www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандагы окуяларга байланыштуу пикир айтпаган кыргыз калган жок. “Эчки тууй албай жатып койго аначы болуптур” дегендей, алакандай кыргыздын маселелеринин баары чечилип, телегейи тегиз болуп калгансып, профессор Сулайман Кайыпов казактарга төрт тилдесүйлөп, кеңеш берди.
Тарыхчылар казактын өзүндө деле жетиштүү, алар биздин профессорлордон ашса ашат, асты кем калышпайт. Ал го мейли, көптүн бири дейли, бу Жумагул Сааданбековго эмне жок?
Ал “Азаттыкк” менен маектешип, Казакстандагы тополоңго байланыштуу Нурсултан Назарбаевдин кетирген кемчиликтерин айтып, сындап чыкты. “Нурсултан Назарбаев: законы лидерства” (Астана – 2005) деген китепти Ж.Сааданбеков өзү жазып, Казакстандагы Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп турганда Н.Назарбаевди “улуу реформатор, стратег, дүйнөлүк масштабдагы лидер” деп мактап, китебинин презентациясын өткөрүп, “эл башына” жүгүнүп, кошомат кылып жүрбөдү беле?
Эми “акылман” болуп, акыл айта баштаптыр. Ошол азыр айтып жаткан кемчиликтерди убагында кашкайта жазса, балким, Казакстанга “террорчулар” кол салбай калмакпы? Алматыдагы январь окуялары болбойт беле?.. Түштөн кийин “көсөм, баатыр” боло бериштин кимге кереги бар?
Атамбаевдин бийлигинин учурунда Жумагул Сааданбеков Дипакадемиянын ректору катары иштей албай, коллектив бөлүнүп-жарылып, нааразылык курчуп, кызматынан кеткен.
Жөн жүрбөй келиндерге кол салып, жамбаш, эмчектеринен кармалап, чуу чыкканы эсиңердеби? Карыганда аксакал боло албай, акылдан азап чеккени ушулбу?
Булак: Азия News гезити