www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев деген бар. Бул тармакты мыкчып отурганына дээрлик үч жыл болду. Бул аралыкта республиканы кыдырып, аймактардагы көйгөйлөр менен таанышайын деген жок. Борбордон чыкса эле, ордун бирөө басып алчудай, чээнге кирген аюдай кабинетинен чыкпайт. 

Ушунча болуп сел, жер көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктары болсо, кайсы аймактарда алдын-алуу иштерин жүргүзүш керек деген менен деле башын оорутпайт. Жылда сел алган жерди, кийинки жылы бекемдеп, кайра кайталанбагандай кылалы дебейт. 

Мына айталы, Боом капчыгайында жылда сел жүрүп, таш кулап жүргүнчүлөр жолдон өтө алышпай бир нече сааттап тыгында турган көрүнүш адатка айланды. Мына ушул көйгөйдү кийинки жылы кайталанбагандай кылып, сел жүрчү жерлерге Транспорт министрлиги менен биргелешип суу өтүүчү өтмөктөрдү куруп, таштан тосуучу дубалдарды тургузуп үч жылдан бери чечсе болот беле? Болмок. Тилекке каршы, креслодон көчүгүн көтөрүп кабинетинен эшикке чыкпайт. 

Эл билген иши өлкө жетекчилери аракет кылып ӨКМге алып берген эки вертолётту ижарага берип, акча жасамай. Башка ишин көргөн киши жок. 

Бул министрдин абийирин дагы президент Садыр Жапаров жаап жатат. Эки жылдан бери ӨКМге канчалаган заманбап жаңы техникаларды алып берди. Мына ушуларды көрүп эл Бообек Ажыкеев иштеп жатат деп түшүнүп жатышат. Чындыгында, бул эмгек ажонуку. Ымтыраган министрдин колунан келмек эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости