www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети "Жыргалаң" шахтасын кайра иштетүү боюнча жалган маалымат таратып жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев Фейсбук баракчасында билдирди.
"Ири-ири иштер аткарылып жатканда ушундай майда-барат жалган айтылган маалымат элди иренжитип, ишеничти кетирет го дейм. Ишке кирди деп айтылып жаткан кичи-шахта Бакыт Дөргөев ачкан "Дөргө-көмүр" ишканасы, алына жараша иштеп эле келе жаткан, чамасы чакан эле шахта. Ал жерде көп эле болгом. Ал эми айтылуу "Жыргалаң" көмүр шахтасы иштебей калган, ичине суу толуп ошол бойдон турат азыр деле.
"12 жыл иштебей калган шахта кайра иштеди" дегенди уккан Ак-Суу, Жыргалаңдыктар эмне дешет болду экен? Журналисттер маалыматты да тактап, ашыра чаппай, апыртып жибербей бергени туура болот го", - деди Каптагаев.
Эскерте кетсек, буга чейин Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барганда "Жыргалаң" шахтасында болгон. Министрлер кабинетинин пресс-релизинде 12 жылдан ашык токтоп турган шахта иштей баштаганы айтылган.
Булак: NazarNews.kg