www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БРИКСтин бирдиктүү валютасы август айында пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Новые Ведомости" сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, дүйнө калкынын 43% түзгөн БРИКС өлкөлөрү дүйнөлүк экономиканын башталган долларсыздандыруу процессин тездетүүнү, өздөрүн мүмкүн болгон санкциялардан жана эл аралык соодага ар кандай чектөөлөрдөн коргоону каалашат.
2022-жылдын жай айында президент Владимир Путин блоктун эл аралык соода үчүн долларды алмаштырууга жөндөмдүү өз валютасын түзүү планын ырастаган. Анын айтымында, ал БРИКС мамлекеттеринин валюта куржунуна негизделиши керек.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө бул бирикмеге мүчө мамлекеттердин үлүшүнө жер бетинин 27%, дүйнө калкынын 43% жана дүйнөлүк ИДПнын 26% туура келет. Дүйнөлүк рынокторду талдоо боюнча адистешкен Statista порталынын божомолуна ылайык, ассоциацияга мүчө мамлекеттерде бул көрсөткүчтүн өсүшү дүйнөлүк көрсөткүчтөрдөн ашып түшүп, 2021-жылдагы 24,2 триллион доллардан 2027-жылга карата 39,4 триллион долларга чейин көбөйөт, башкача айтканда 62%.
4-июлда онлайн өткөн ШКУнун акыркы конференциясында Кытай доллардан активдүү баш тартууга жана улуттук валюталар менен эсептешүүгө өтүүгө чакырды. Пекиндин мамилеси түшүнүктүү, анткени Кытай Эл Республикасынын бийликтери мурда долларды “дүйнөлүк экономикадагы туруксуздуктун жана белгисиздиктин негизги булагы” деп аташкан.
Белгилей кетсек, БРИКСтин бирдиктүү валютасын түзүү сунушу расмий түрдө 2018-жылы Валдай талкуу клубунда айтылган. Жаңы резервдик валюта БРИКС өлкөлөрүнүн (Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка) валюталарынын жыйынтыгынан турат деп болжолдонгон. Алар блоктун мүчөлөрүнүн санынын жана катышуучу өлкөлөрдүн валюталарынын аталыштарынын урматына аны R5 деп атамакчы болушкан.
Булак: NazarNews.kg