www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үч дубанды бириктирүүчү Боом капчыгайында бүгүн, 31-июлда саат 10:02 мүнөттө жол каттамдары эки тараптуу ачылды. Ошондой эле болжол менен 20-22 миң куб кум-шагыл тазаланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Эске салсак, кечээ нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен 128-129-чакырым аралыгында жана 131чакырымында эки жерде сел жүрүп, Балыкчы – Бишкек каттамы убактылуу жабылган.
Үзгүлтүксүз тазалоодон улам бир тараптуу ачылган жолдон кезектешип эки тарапка тактап айтканда, Бишкек – Балыкчы – Нарын жана Балыкчы – Нарын– Бишкек каттамына кезек-кезеги менен автоунаалар өткөрүлүп келген.
Табигый кырсык катталган аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жана райондук бөлүмдөрүнүн ыкчам топтору, куткаручуулар, адистер жана офицерлер иш алып барды.
Булак: NazarNews.kg