www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германия Меркелдин учурунда Евробиримдикти мурдунан жетелеп жүргөн эки мамлекеттин бири болуп эсептелчү. Улуу Британия Евробиримдиктен чыгып кеткенден кийин бул жерге Франция экөө билерман болуп калган. Bloomberg басылмасынын журналисти Мария Тадео Германия Евробиримдиктеги үстөмдүк абалын жоготуп жатканын айтат:
"Он жылдан ашык убакыттан бери Берлин Европа Биримдигинде жогорку моралдык жана каржылык күчкө жана бийликке ээ болуп, өзүнүн саясатын калыптандырып, түштүк европалык мамлекеттердин алсызыраак экономикаларына каршы жаман полиция катары иш алып барды. Энергетикалык кризис баарын өзгөрттү", - деп жазган ал өзүнүн макаласында. Германия бүгүн өзүнүн лидерлик кызматын Евробиримдиктин түштүк өлкөлөрүнө тапшырышы мүмкүн, деп белгиледи журналист.
Ошондой эле, Германиянын канцлери бул «таңууланган тынчтык» болбошу керектигин тактады. Белгилей кетсек, буга чейин Евробиримдиктин элчилери орусиялык мунайга эмбарго боюнча дагы бир пикирге келе албаганы белгилүү болгон. Венгрия Орусияга каршы санкциялардын алтынчы пакетинин киргизилишине каршы чыкты, анын ичинде өзгөчө орус мунайынын импортуна тыюу салуу камтылган. Өлкө өкмөтү мунайдан баш тартууну анын экономикасына өзөктүк бомба таштоо менен салыштырат.
Антиорусиялык санкциялардан улам Евробиримдиктин ынтымагы ыдырай баштады. Бул тууралуу Германиянын экономика боюнча вице-канцлери, министр Роберт Хабекке шилтеме берип Reuters агенттиги билдирди. Министр мындай көрүнүш мунай эмбаргосун жарыялоо жана Орусиянын энергетикалык ресурстарынан көз карандылыкты азайтуу планын талкуу кылчу Европа лидерлеринин саммитин утурлай башталганын айтты.
"Европа бириккенде кандай болорун көрдүк. Саммитте дагы дал ошондой ынтымак болот деп үмүт кылам. Бирок азыр бул биримдик бузула баштады", — деди Хабек. Ал немец өкмөтүн ичтен бөлүнүп интрига жараткандан көрө саммитке бирдиктүү позиция менен барууга үндөдү. Министр Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө дагы дал ушундай өтүнүч менен кайрылды.
Бир күн мурда Хабек Германия Украинага курал жагынан жетиштүү жардам берип жатканын, бирок Берлин Киевдин ар бир талабын аткара албай турганын айткан. Германия башка Батыш өлкөлөрү сыяктуу эле Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Орусияга каршы санкциялардын киргизилишинен улам оор экономикалык көйгөйлөргө дуушар болду. Мисалы, учурда энергиянын баасынын өсүшү жана инфляция элди кыйнап турган кези.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg