www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боом капчыгайындагы кырсыктан 2 адам каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Белгилей кетсек, 1-октябрда саат 17:00 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 124-чакырымында 3 унаа кагышкан жол кырсыгы катталып, окуя болгон жерде 1973-жылы туулган Ү.Ж. (аял киши) каза тапкан. Жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан 1974-жылы туулган Р.И.Х. көз жумган.

Ошондой эле Кемин райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна 13 адам жеткирилген. Алардын ичинен 4 адам жандандыруу бөлүмүнө, 9 адам хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Дагы 11 адам ооруканага жатуудан баш тартышкан.

Кырсыктын кесепетинен Балыкчы шаарынын 1 тургуну, Чүй облусунун 3 тургуну, Жумгал районунун 5 тургуну жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости