www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрда аба ырайы кандай болот? Бир айдын божомолу

Кыргызгидромет агенттиги октябрь айына карата аба ырайынын божомолун таратып, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы климаттык норманын чегинде болорун билдирди.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 9…11, тоо этектеринде 4…6 градус жылыйт. Ай ичинде түнкүсүн 1…6дан 7…12ге чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү 0…-2 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Күндүз 11…16дан 21…26га чейин өзгөрөт, кээ бир күндөрү 5…10 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 1…6нын тегерегинде болот. Кээ бир түндөрү -2…-4кө түшүп, үшүк жүрөт. Күндүз 8…13төн 16…21ге чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3…8 градуска чейин төмөндөйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма: өрөөндөрдө 39-45 мм, тоо этектеринде 25-43 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 7…9 градус жылуу болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7нин тегерегинде болот. Кээ бир түндөрү -2...-4 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрөт. Күндүз абанын температурасы 7…12ден 20…25ке чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3…8 градуска төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма 24-27 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 11…13, тоо этектериндеги райондордо 8…10 градус жылуу болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 9…14кө чейин, күндүз 12…17ден 22…27ге чейин өзгөрүлүп турат.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 7…12ге чейин өзгөрөт. Кээ бир түндөрү 0…-2 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 9…14төн 19…24кө чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3…8 градуска чейин төмөндөйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма: өрөөндөрдө 33-35 мм, тоо этектериндеги райондордо 29-31 мм).

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 11…13, тоо этектериндеги райондордо 8…10 градус жылуу болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 9…14кө чейин, күндүз 12…17ден 22…27ге чейин өзгөрөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 7…12ге чейин өзгөрүшү күтүлөт. Кээ бир түндөрү 0…-2 градус суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 9…14төн 19…24кө чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 3…8ге чейин төмөндөшү ыктымал.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7ден 8…13кө чейин, күндүз 9…14төн 18…23кө чейин өзгөрөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (норма: өрөөндөрдө 41-43 мм, тоо этектериндеги райондордо 24-86 мм).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости