www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук Азиядагы эң чоң мечит ушул жылдын октябрь айында Тажикстандын борборунда ачылышы пландалууда. Бул мечитте бир убакта 120 миң киши намаз окуй алмакчы.

Мечиттин пайдубалы туура 10 жыл мурун, тактап айтканда 2009-жылы октябрь айында курулуп баштаган. Объектин курулуш долбоорун Тажикстан менен Катардын адистери иштеп чыгышкан. Мечиттин ар бири 75 метр бийиктиктеги 4 мунарасы бар.

Борбордук бул мечит Душанбенин түндүк жагында 12 гектар жерге курулган. Анын жанына китепкана, музей да бар.

Долбоор 100 миллион долларга бааланган жана ал Катар өлкөсүнүн өкмөтү тарабынан каржыланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости